Сот Kyrgyztoday басылмасын Келдибековго 30 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Парламенттин экс-спикери Акматбек Келдибеков Kyrgyztoday басылмасына каршы сотту утуп алды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райсоту чыгарды. Эми редакция Келдибековго 30 миң сом төлөп, ал тууралуу жазган макаласын төгүнгө чыгарышы керек.

Саясатчы Kyrgyztodayди 2018-жылдын декабрында сотко берген. Ал басылмага 1 млн сом өлчөмүндө доо койгон. Келдибеков эки материалдын төгүнгө чыгарууну талап кылган. Ал материалдарда саясатчы коррупция тууралуу иштерде фигурант болуп калды деп айтылган эле.

Басылма өзү ошондо билдиргендей, алар материалдарда бийлик Келдибековду коррупцияга айыптаганын, андан кийин ал камакка алынганы тууралуу жазышкан. «Келдибеков коррупциялык берене боюнча камакка алынганын баары билет», — деп жазган Kyrgyztoday басылмасы.

2015-жылы Келдибековго каршы чын эле эки берене боюнча айыптар тагылган. Саясатчы Социалдык фондду жана Салык кызматын жетектеп турган убактарда коррупцияга айыпталган.

Кызмыттык абалынан кыянат пайдалануу боюнча экинчи айыбы ал парламенттин спикери болуп турганда Жогорку Кеңештин Москадагы атайын өкүлчүлүгүн мыйзамсыз ачканы үчүн тагылган.

Келдибеков өзү бардык айыптарды четке кагып, ага каршы иштерде жашырын саясий сыр бар деп билдирген. 2015-жылы сот Келдибековду коррупция беренеси боюнча актап, бирок аны кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы үчүн 3 млн сом штраф төлөп берүүгө милдеттендирген. Кийинчерээк айып пулдун өлчөмү 10 млн сомго чейин көтөрүлгөн — бул акчаны Келдибеков 2017-жылы төлөп берген.

Келдибеков ЖМКларга каршы

2018-жылдын январында Келдибеков кадыр-баркы менен ар-намысын коргоо үчүн «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди да сотко берген. Ошондо сот гезитти саясатчыга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген, бирок 2019-жылы ал бул сумманын 1 млн сомунан баш тарткан.

Мындан тышкары, 2018-жылы Келдибеков Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев менен бирге мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана анын «Апрель» телеканалын сотко берген. Сот документтердин жетишсиздигнен улам арызды четке каккан, бирок саясатчылар январь айында Атамбаев менен анын телеканалынын үстүнөн кайрадан доо арыз жазышкан.

Доогерлердин айтымында, алардын сотко кайрылышына Алмазбек Атамбаевдин «Апрель» телеканалына 10-декабрда берген интервьюсу себеп болгон. Анда экс-президент Келдибековду коррупцияга айыптаган.