Ноокатта мрамор казууга уруксат берилсе 6,5 миң түп арча кыйылышы мүмкүн

Ош облусунун Ноокат районундагы Акарт кенинде мрамор казууга уруксат берилсе 30-40-жыл мурда тигилген 6,5 миң түп арча жок кылынышы мүмкүн. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой-чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктин Ош аймактык башкармалыгынын башчысы Жаныбек Баатыров «Клоопко» кабарлагандай, кен бар аймакта чанда кездешчү арчалар өскөндүктөн агенттик аларды казууга уруксат бере албайт.

«Акарт кенинде сары таш казууга каршы болгонубуздун себеби 14 гектардан ашык жердеги арча аянтчасы кыйылып кетет. «Алдаяр-Уголь Лимитед» компаниясы зыяндын ордун акчалай түрдө толтурууну сунуштады, бирок биз макул эмеспиз», — деди Баатыров.

Ал эми агенттиктин Ноокаттагы инженери Кылычбек Балтабаев «Турмуш» басылмасына арчалар кыйыла турган болсо кенге жакын жайгашкан Жаңы-Ноокат айылын суу каптап кетүү коркунучу жаралаарын билдирген.

«Анын кесепетинен жапайы жаныбарлар, куштар жоголот. Бизди кооптондурганы — аталган жайлоого жаан катуу жаайт. Эгер арчалар кыйылып, таштар алынса ордуна суу толуп, дамба жарылып Жаңы-Ноокат айылын суу каптап кетиши мүмкүн», — деп айткан Балтабаев.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Элеонора Сыдыкова «Клоопко» маалымдагандай, «Алдаяр-Уголь Лимитед» ЖЧКсына Акарт кенинде мраморду чалгындоого лицензия 2017-жылы берилген. Ал эми кенди казууга уруксатты жер казынасын пайдаланууну жана лицензиялоо боюнча комиссия берээрин айтты.

«“Алдаяр-Уголь Лимитед” жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашып, экотехинспекция өзүнүн корутундусун бериши керек. Ошол корутундунун негизинде комиссия лицензияны трансформациялоо же жокко чыгаруу чечимин кабыл алат. Лицензия жокко чыгарылган учурда акчаны кайтаруу же үстөкпул каралган эмес», — деди Сыдыкова.

Ведомстводон учурда компаниянын лицензиясы убактылуу токтотулганын кошумчалашты.

Материал жарык көрөөр алдында «Алдаяр-Уголь Лимитед» компаниясынын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Кыргызстанда жаңгак жана арчаны кыюуга 2030-жылга чейин тыюу салынган. Бирок ошол эле маалда геологиялык изилдөө иштеринде жоготуулардын ордун толтуруу менен арчаларды кыюуга жол берилет.

Зилалиевдин тушунда берилген лицензия

2019-жылдын башында УКМКнын экс-башчысы Идрис Кадыркулов Дүйшөнбек Зилалиев жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы болуп турганда берилген лицензиялар тууралуу иликтөө жүрүп жатканын айткан. Алардын арасында «Алдаяр-Уголь Лимитед» ЖЧКсынын лицензиясы дагы бар.

Дүйшөнбек Зилалиев 2013-2017-жылдары Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы болгон. Андан кийин вице-премьер-министр кызматын аркалаган, ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондду да жетектеген.

2018-жылдын декабрында УКМК Зилалиевге карата «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Соттун чечими менен ал үстүбүздөгү жылдын 9-декабрына чейин камакта калтырылган. Мындан тышкары мурдагы вице-премьер-министр Атамбаев менен биргеликте коруппцияга аралаш деп шектелүүдө.

Ошондой эле ал президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы учурунда бомба тууралуу жалган маалымат бергени үчүн үч жылга шарттуу кесилген.