Ысык-Көлдүн үстүнөн 10 километрден ашуун балык уулоочу торлор чогултулду

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Ысык-Көлдүн үстүнөн 100дөн ашуун балык уулоочу торлор чогултулганын кабарлады. Торлордун жалпы узундугу 10 километрге жеткен.

Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, коруктун кызматкерлери да жээкке жакын аймактардан 3 тоннадан ашуун ар кандай акыр-чикирлерди чогултушкан.

Мамагенттиктен билдиришкендей, торлор арзан жана кеңири жеткиликтүү болгондуктан, балыкчылар торлорун уулоодон кийин да жыйнап алып кетишпейт.

«Ташталган торлор балыктарга кандай коркунуч жаратса, келгин куш жана башкаларга да ошондой эле коркунуч туудурат», — деп белгилешти ведомстводон.

2019-жылдын октябрында парламент биринчи окууда синтетикалык балык уулоочу торлорго тыюу салуу жана аларды колдонуу үчүн штраф салуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган.