Кара-Суунун тургуну Сүйүн Өмүрзаковдун карындашын басым кылууда деп айыптады. ИИМ муну четке какты

Кара-Суунун тургуну Гүлбарчын Маметова «Region» онлайн телеканалына курган маегинде Кара-Суу РИИБнин тергөөчүсү Элеонора Өмүрзакова жарандык тартышка кийлигишип, үй-бүлөсүнө басым жасап атканын билдирген. Ал эми Элеонора Өмүрзакова ИИМ башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун тууганы экени белгилүү болду.

Маселе Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагында жайгашкан эки үйдүн айынан башталган. Маметованын айтымында, алар 2014-жылы Замира Алимова аттуу жарандан 75 миң АКШ долларына үй сатып алган. Ал үй 2010-жылдын июнь окуясынан улам жараксыз абалга келип, үйдүн жанына өкмөт 5-бөлмөлү жаңы үй салып берген.

Арадан бир жыл өткөн соң, тагыраагы 2015-жылы, үйдүн мурдагы ээси Замира Алимова 5-бөлмөлү үй ага караштуу экенин айтып, талаша баштаган. 2018-жылы Маметованын үйүнө Алимованын эжеси Чынара Алимова туугандары менен келип үйдү талашып, чыр чыгып кеткен. Кийинчерээк Алимованын эжеси аталган чырда денеме залал келтирилген деген арыз менен милицияга кайрылган.

Бул арыздын негизинде Кара-Суу РИИБнин тергөөчүсү Элеонора Өмүрзакова текшерүү жүргүзө баштаган.

Маметованын айтымында, Кара-Суу районунун тергөөчүүсү күйөөсүн камап коюу менен коркутуп, 5 бөлмөлү үйдү талашсыз эле Замира Алимовага өткөртүү максатында басым жасап жатат.

«Бул жерге госрегистрден киши келип, ченеп бериши керек. Архитектор келип, жердин канчасы аларга, канчасы бизге тиешелүү экенин [аныкташы керек]. Соттун өкүлү келиш керек, жөн эле госрегистрден жасап бербейт да десек “мына мен сотмун, мына мен архитектормун, мен госрегистрмин, мен бардыгын көтүнө тебем” деп айтты [Өмүрзакова]», — деди Гүлбарчын Маметова.

Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» Гүлбарчын Маметованын айткандарын төгүнгө чыгарды. Анын пикирине ылайык, Өмүрзакованын окуяга кийлигишүүсүнө Замира Алимованын эжесинин арыз менен кайрылганы себеп.

«2018-жылдын 12-декабрында Кызыл-Кыштак айылындагы турак-жайды эки үй-бүлө талашышкан экен. Анда тергөөчү [Өмүрзакова] нөөмөттө туруп мушташкан жерди кароо жүргүзүп барган. [...] Генералдын карындашы болгону менен ал ишке такыр киришип, бир одоно мыйзам бузуп иш кылганы жок», — деди Аширбаев.

Жеңиш Аширбаев бул иш боюнча азыркы учурда Маметованын күйөөсү Өмүрбек Салиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш аяктап, иш сотко жөнөтүү алдында турганын билдирди.

Мындан тышкары, Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Элеонора Өмүрзакова ИИМ жетекчисинин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун тууганы, тактап айтканда бир тууган агасынын кызы экендигин тастыктады. Ал эми Өмүрзакова учурда Кара-Суу РИИБнин жоруктар боюнча тергөөчүсү.

Сүйүн Өмүрзаков ИИМ башчысынын биринчи орун басары болуп 2016-жылы дайындалган. Өмүрзаков Ошто белгилүү болгон «Мухаммед Умар» спорттук клубдун негиздөөчүлөрдүн бири болуп эсептелет.

Мындан бир ай мурда Жайнагүл Турдуева атуу ишкер Сүйүн Өмүрзаковго нараазы болуп митингге чыккан. Ал «Мухаммед Умардын» спортчулары дүкөнүн тоноп, күйөөсүн уурдап кетип, ур-токмокко алышканын айтып чыккан болчу.