«Кыргызстан Сициялияга айланып бара жатат». Депутаттар Саймаитинин өлүмүн кантип талкуулашты?

Парламенттин депутаттары 13-ноябрда пленардык жыйындын бир бөлүгүн «Азаттыктын» бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу иликтөөсүндө ысымы аталган бизнесмен Айэркин Саймаитинин өлүмүнө арнашты.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан «эч тоскоолдуксуздар эле 50-жылдардагы Сицилияга айланып бараткандыгы» тууралуу билдирди. Ал бул билдирүүнү Сициялиядагы жергиликтүү бизнесмендер менен ишкерлерге каршы кылмыштарды мисал кылып айткан.

Ал Саймаитинин өлтүрүлүшүн «өзгөчө окуя» деп атады, анткени бул кылмышка шектелип кармалгандар Кыргызстандын жарандары болуп чыга келген, ал эми маркум өзү Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун номери тагылган автоунааны пайдаланган болушу мүмкүн.

«Эмне деген башаламандык болуп жатат? Ким жооп берет? Эмне үчүн бул биздин маселе эмес эле башкалардыкындай мамиле кылып жатабыз?», — деп кайрылды депутат парламентке.

Андан соң Шыкмаматов Саймаити Кыргызстандын казынасына 5 миллиард сом салык төкпөй койгону үчүн издөөдө, ошол эле маалда «Түркияда дипломатиялык номери бар унаада жүргөнүн» билдирди.

Ошондой эле эл өкүлүн премьер-министр менен жергиликтүү күч органдарынын аракетсиздиги кыжырдантты.

Ал эми депутат Дастан Бекешев парламентке башкы прокурорду, ТИМдин башчысын жана МККнын төрагасын чакырууну сунуштады.

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков парламентке өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевди чакырып, ага жана башка министрлерге республикадагы криминалдык кырдаал жөнүндө суроо берүүнү сунуштады.

«Өнүгүү-Пргогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев «тийиштүү реакциянын жоктугу» жана «министрлер кабинетинин иши алсыз болуп аткандыктан» өкмөт башчысын оставкага кетирүү маселесин кароону сунуштады.

Абылгазиев парламентке 13-ноябрда күндүз келмекчи.

Мейманкананын кафесиндеги адам өлтүрүү

Түркиянын полициясы ишкерди өлтүрүүгө шектүү үч адамды кармаган — экөөсү Кыргызстандын, бирөөсү Сириянын жараны. Шектүүлөр суракта билдиришкендей, алар Саймаитини «мусулман эместиги үчүн» өлтүрүшкөн.

Саймаити «Азаттыктын» бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу иликтөөсүнүн фигуранттарынын бири болгон.

Басылманын иликтөөсүнө ылайык, Матраимов 2011-2017-жылдары бажы кызматында иштеп жаткан учурда 700 млн доллардан ашуун акчанын Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кетиши боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар болушу мүмкүн.

«Азаттыктын» журналисттери Саймаити жана анын «Абдыраз» компаниясы Матраимовго бул акчалардын үчтөн биринен көбүн — 250 млн долларга чукул каражатты — чыгарып кетүүгө жардам берген деп айтышкан.

Мурдараак Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ишкер Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден эвакуацияланган «Рейндж Ровер» автоунаасындагы номерлер Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулуна таандык экенин ырастаган. Бирок, ТИМдин билдиришинче, башкы консул Эркин Сопоков ал унааны октябрдын аягынан бери колдонгон эмес.

Министрликтин өкүлү «Азаттык» үналгысына курган маегинде билдиргендей, Сопоков «Рейндж Роверди» «Рамадан Туризм» автосалонуна сатыкка берген, бирок консул унаадагы дипломаттык номерлерди чечип калбай, ошону менен «процедураларды бузган».

Министрлик Сопоковдун «Рейндж Ровери» Саймаитини өлтүрүп кетишкен жерде кантип пайда болуп калганын түшүндүрүп бере алган жок.

Сопоков башкы консулдук кызматтан 12-ноябрда бошотулган.