Веложол, тротуар жана дарактар. Ак-Буура дайрасынын жээги кандай болуп өзгөрөт?

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

2020-жылдын башынан тарта Ак-Буура дайрасынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, анын ордуна эс алуучу жайы курулат. Эс алуучу жайды куруу иштери Нурматов көчөсүнөн башталып, Курманжан датка (мурда Юго-Восток) кичи районуна чейин созулат.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» курган маегинде билдирди.

«Азыркы учурда [Ак-Бууранын жээгинде] 400дөн ашуун ар кандай мыйзамсыз курулуштар курулуп, тосмолор орнотулган. Аларга экотех коопсуздук инспекциясы эскертүү берди. Өз алдынча албагандарды сотко өткөрөбүз. Курулуштарды алып салуу иштери бүткөндөн кийин [эс алуу жайын] куруу иштерин баштайбыз», — деди басма сөз катчы.

Ош шаардык мэриясынын планы боюнча, алгач дарыяга дамба курулат. Кийин веложол, жөө өтмөктөр салынып, дарактар тигилип, дайранын жээктери жашылдандырылып, электр жарыгы өткөрүлмөкчү. Айрым жерлерине тепкичтер түшүрүлүп, суу жай аккан жерлерге эс алуу отургучтары коюлат.

«Бир канча курулуш жүрө турган жерлер бошотулуп, жайдан баштап тендер өткөрүп курулуш иштери башталат. Мүмкүн болушунча бизге соттук процесс сыяктуу тоскоолдуктар болбосо 2020-жылдын ичинде бүтөт», — деди Абсаттаров.

Учурда дайранын жээгин көрктөндүрүүгө так кесе канча каражат жумшалаары белгисиз.

Буга чейин 2018-жылдын башында Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулган. Жайкы сахнаны «Сутранспромжилстрой» курулуш компаниясы 16 млн 400 миң сомго салган. Объекттин курулушу 2017-жылдын сентябрь айында башталып, алты айда бүткөрүлгөн.

Шаардын ортосунан агып өткөн Ак-Буура дарыясынын узундугу 136 километрди түзөт.