Жалал-Абад облусуна «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 48 камера орнотулат

Жалал-Абад облусунун жолдоруна «Коопсуз шаар» долбоору боюнча жол кыймыл эреже бузууларын аныктаган 48 көзөмөл камерасы орнотулат. Анын ичинен 12 камера Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүнө, ошондой эле Ош — Бишкек авто жолуна 32 камера, ал эми Жалал-Абад — Балыкчы авто жолуна 4 камера коюлат.

Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад облусунун ЖКККБсынын басма сөз катчысы Айбек Сатыбалдиев билдирди.

«“Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабы Жалал-Абад облусунун аймагында старт алганы турат, бирок кайсыл күндөн башталаары так белгисиз. Милдеттендирилген компаниянын ишкерлери камера коюлуучу объектилерди текшерүүдөн өткөрүп жатышат», — деп билдирди басма сөз катчы.

Буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров «долбоор республикалык бюджеттин эсебинен эмес, жол эрежесин бузгандардын эсебинен каржыланаарын» билдирген.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди сентябрдын ортосунда Кытайдын «Shenzen Sunwin Intelligent Co.Ltd» компаниясы жеңип алган. Бул компания кызмат акысын 2,6 млрд долларга баалаган.

Долбоордун экинчи этабы өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт. Анын ичинде жети облус, облустук жана райондук маанидеги 15 шаар да бар. Мындан бир ай мурда «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Ош шаарынын 35 кесилишине камера орнотула баштаган.

Бул долбоорунун биринчи этабын Орусиянын «Вега» компаниясы жүзөгө ашырган. Долбоор 2019-жылдын февраль айында ишке кирип, камералар Бишкек шаарына, Чүй облусуна жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолдоруна коюлган.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 35 кесилишке камера орнотулат