Абактагы экс-депутат Садыр Жапаров президенттен ырайым сурады

Экс-депутат Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековго жолдогон кайрылуусунда ага эки себеп боюнча ырайым берүүнү өтүнгөн. Биринчиси — саясатчы өзүнө каршы козголгон ишти ойдон токулган деп эсептейт. Экинчиси — анын үй-бүлөсү оор абалда турат.

Анын адвокаты Шарабидин Токтосунов «Клоопко» курган маегинде түшүндүргөндөй, Жапаров түрмөдө отурган убакта ата-энеси кайтыш болуп, уулу жол кырсыгынан каза тапкан.

«Азыр анын үй-бүлөсү оор абалда. Ал ушул себептен улам ырайым берүүнү сурап жатат», — деп айтты Токтосунов.

Садыр Жапаров — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруусуна каршы чыккан саясатчы.

2018-жылы сот Жапаровду Каракол шаарында жана 2013-жылы Саруу айылында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу үчүн митингди каржылоого күнөөлүү деп тапкан.

Сот Жапаров митингчилерди башкарып турган жана Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алгыла деп митингчилерге буйрук берген деп эсептеген. Ал 11,5 жылга эркинен ажыратылган.

Кийинчерээк Жогорку сот бул мөөнөттү бир жарым жылга кыскарткан.

Каптагаев өзү болсо Жапаровго эч кандай дооматы жок экенин айтып, үстүбүздөгү жылдын сентябрында саясатчынын ишин кайра карап чыгууну сураган.

Материалдын үстүндө иштегендер: Алтынай Молдогазиева, Карина Байлярова