БатМУнун студенттери талаптары аткарылмайын сабактарга катышуудан баш тартышты. Эмне болгон?

БатМУнун Кызыл-Кыя шаарындагы педагогикалык институтунун студенттери 18-ноябрь күнү нараазычылык акциясын уюштурушкан. Ага институтта окуу шарттарынын жана жылуулуктун жоктугу себеп болгон. Студенттер жылуулук берилмейин сабактарга катышуудан баш тартышты.

«Университетте ремонт жок, таза суу баттан өчүп турат, жылуулуктуу 15-октябрда эле бериши керек болчу, жылуулук берилбегендиктен ушундай талаптарды койдук. Биз ден соолугубуздан ажырагыбыз келген жок. Бүгүн жылуулук берилди, бирок кээ бир аудиториялар дагы деле суук», — деп түшүндүрдү окуу жайдын студенти Улукбек Жаныбек уулу.

Студенттин айтымында, эгерде ЖОЖдун жетекчилиги калган талаптарды аткарбай жана жылуулукту толугу менен бербесе, студенттер кайрадан нааразычылык акциясына чыгышат.

Кызыл-Кыя педагогикалык институттун директору Миталипов Камалидин «Клоопко» курган маегинде ишендиргендей, алар ушул жылдын жазынан сентябрга чейин имараттын тышын оңдошкон жана университетке суу киргизишкен.

«От казан 17-ноябрь күнү жарылып кеткен. Азыркы учурда оңдоо иштерин бүтүрүп, жылуулукту бергенбиз. Буга чейин берген эмес элек. Азыркы учурда студенттер сабака катышып жатышат», — деди Миталипов.

Кызыл-Кыя шаарындагы педагогикалык институтунда жана ага караштуу колледжинде үч миң студент окуйт. Коллежде окуу акысы жылына 16,6 миң сомду, ал эми университетинде 29 миң сомду түзөт.