Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы окуучу кыздардын мушташынан кийин кызматынан алынды

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зиябекова 20-ноябрда Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамдын «Мамлекеттик органдын демилгеси боюнча кызматты токтотуу» беренесинин негизинде кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу маалыматты билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозбеков «Клоопко» тастыктады. Зиябекованын кызматтан бошотулушуна Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылындагы №13 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин окуучу кыздарынын ортосунда чыккан мушташ себеп болгон.

Басма сөз катчынын айтымында, Зиябековага буга чейин да тартиптик жаза берилген жана ал жоюула элек болчу. «Жетекчи катары окуучулар арасында тиешелүү тарбиялык иштерин жүргүзбөгөндүгү эске алынып, кызматынан бошотулду», — деди Орозматов.

Буга чейин 19-ноябрда социалдык тармакта элүүгө чукул окуучу кыздын массалык мушташы тартылган тасма тараган. Жалал-Абад ОИИБи мушташ мектептин 10-11- классынын окуучу кыздарынын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыкканын тастыктап, Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталганын маалымдаган.

Учурда окуяга тиешелүү окуучулардын ата-энелери жана класс жетекчилери суракка чакылырып, териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Окуядан улам жабыркап, ооруканага кайрылгандар болгон эмес.