Бишкекте коррупцияга каршы тынчтык акциясы өтөт

Коррупцияга каршы жарандык тынчтык акциясы 25-ноябрда Ала-Тоо аянтында болуп өтөт. Иш-чара RE:АКЦИЯ деп аталат — бул «Клооп», «Азаттык» радиосу жана OCCRPнин иликтөөсүнө болгон реакция.

Журналисттик иликтөө Кыргызстандан 700 млн АКШ долларынан ашык суммадагы акча чыгарып, кийин Стамбулда атып өлтүрүлгөн бизнесмен Айэркен Саймаитиге арналган. Ал киши колдуу болгонго чейин журналисттерге кантип акча чыгарып кеткенин, алардын изин кантип жашырганын, ошондой эле таасирлүү деп эсептелинген Абдукадыр жана Матраимовдордун кландары менен байланышы тууралуу айтып берген.

RE:АКЦИЯ дүйшөмдү күнү саат 11:30да, Ала-Тоо аянтындагы 2010-жылы 7-апрелдеги төңкөрүш учурунда курман болгондорго арналган эстеликтин алдында, Ак үйдүн жанында башталат. Акциянын катышуучулары тынч иш-чаранын болуп өтөөрү тууралуу Бишкек шаарынын мэриясына билдирген.

Алар бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана аткезчилик схемаларга тиешеси бар болгондордун баарынын камалуусун талап кылышаарын билдиришти. Ошондой эле, алар Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнүн өлкөнүн аймагындагы жана чет өлкөлөрдөгү мүлкүн, активдерин, кыймылсыз мүлктөрүн мамлекетке кайтарылып берилиши керек деп эсептешет.

Тынчтык акциясына катышууга камынып жаткандардын койгон талаптары: укук коргоо органдарынын жана башка ведомстволордун жетекчиликтери аракетсиздиги жана кылмышкерлерди жаап-жашырышкандыгы үчүн ээлеген кызматтарынан кетиши керек, парламент «элдин ишенимин жоготушкандыгы» үчүн таркатылышы керек, ал эми активисттер менен журналисттерге коопсуздук камсыздалышы керек.

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев, антикоррупциялык «Үмүт 2020» кыймылы, активисттер жана социалдык тармактардын ар кандай колдонуучулары акцияга катышаарын билдирип чыгышты.

Катышуучулардын айтымында, иш-чаранын уюштуруучулары жок жана ал жакта чыгып сөз сүйлөөлөр болбойт. Жарандар журналисттик иликтөөнү жөн гана социалдык тармактарда талкуулап жатып, акцияга чыгып, өз жарандык укуктарын коргоп, бийликтен аткезчилик схемалар тууралуу материалга реакция кылууну талап кылууну чечишкен.