Депутат Алтынбек Сулайманов Саймаитинин өлтүрүлүшүн изилдөө боюнча комиссиядан кетти

«Бир Бол» фракциясынын парламенттеги депутаты Алтынбек Сулайманов Айэркин Саймаитинин өлтүрүлүшүн изилдөө боюнча депутаттык комиссиянын курамынан өз ыктыяры менен кеткенин кабарлады. Ишкер 11-ноябрда Түркияда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

«Мени элге жаман көрсөтүү аракети күч алгандыктан, эл өкүлдөрү ушул болуп жаткан иштерди иликтеш керек деп комиссия түзүүнү демилгелегем. Ошондуктан, коомчулукта эч кандай шек жаралбашы үчүн комиссиядан чыгуу туура деп чечтим», — деп билдирди Сулайманов.

Анын айтымында, комиссиянын ишине жарандык коом, журналисттер жана депутаттар көз салып турат. Буга чейин комиссиядан бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов да чыгып кеткен.

Мурдараак 21-ноябрда парламентте ишкер Айэркин Саймаитинин киши колдуу болуп өлтүрүлүшүн изилдөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына ар бир фракциядан он эл өкүлү кирет.

Саймаитинин өлтүрүлүшү

Айэркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулдун мейманканалардын биринин кафесинде атып өлтүрүлгөн. Түркиянын ЖМКларынын маалыматына ылайык, кафеде Саймаитиге бир киши басып келип, үң басаңдаткычы бар тапанчадан анын башына ок чыгарган.

Саймаитинин өлтүрүлүшү тууралуу ишке байланыштуу төрт адам кармалып, шектүүлөр изин жашырып кеткен машина жана курал табылган. Саймаитинин өмүрү 1000 долларга бааланганы кабарланууда — ушундай сумма жалданма жан кыйгычка төлөнгөн ыктымал болушу мүмкүн.

Кыргызстанда Саймаитини таасирлүү делген Матраимовдордун кланы менен байланыштырышат. «Клооп» жана «Азаттык» иликтөө жарыялап, анда Саймаити Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарып кеткенин мойнуна алган.

Акчанын көпчүлүк бөлүгү Хабибула Абдукадырга жөнөтүлүп турган. Абдукадыр — бул 55 жаштагы кытайлык бизнесмен, ал миллиондогон доллар турган деларацияланбаган жана туура эмес жол-жоболуштурган товарларды Кытайдан Кыргызстанга жана андан ары коңшу өлкөлөрдүн рынокторуна жеткирип турган.

Саймаити Абдукадырга бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жардам берип турганын, ал аркылуу мамкызматкерлерди сатып алуу жүргүзүлгөнүн айткан.