Коррупцияга каршы митингден кийин аянттан бир грамм да таштанды чыгарылган жок

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева Ала-Тоо аянтында өткөн коррупцияга каршы митингден кийин «бир грамм да таштанды чыгарылбаганын» кабарлады.

Бишкек мэриясынан бул маалыматты тастыкташты. Алар таштанды чыгаргылары келгенин, бирок таштанды жок болуп чыкканын жазышкан.

25-ноябрда Бишкектин борборунда болуп өткөн коррупцияга каршы «Re:Акция» жарандык акциясы 1000ден ашуун адамды чогултту — ал эми митингдин катышуучуларынын айтымында, 2500 чукул адам.

Митингдин катышуучулары бийликтен бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду камоону жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен дээрлик 700 млн доллар тууралуу иликтөөнүн үстүндө иштеген «Клооп» жана «Азаттык» радиосунун журналисттерин коргоону талап кылышты.