МККдан Саймаити кыргыз паспортун кантип алганын айтып беришти

Бизнесмен Айэркен Саймаити Кытайда туулган, Кыргызстанда махинация кылып жүрүп, Түркияда киши колдуу болгон. 37 жаштагы Саймаитинин кыргыз аткаминерлери менен байланышынан тышкары Эркин Саматов деген атка жазылган кыргыз паспорту бар экени аныкталган. Бирок Саймаити 15-ноябрда Түркиянын жарандыгын алууну эңсеп жатканы менен кыргыз жарандыгын алган эмес. Ал 10-ноябрда Стамбулдун мейманканаларынын биринде киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

Бизнесмен өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстанда маркумдун жасалма ID жана тышкы паспорту бар болгону, анын ичинде бул документтер берилгени үчүн козголгон кылмыш иштери бар экени маалымдалган. Бирок 26-ноябрда МКК Кытайдын жараны Айэркен Саймаити кыргызстандыктын документин кантип жана кандай жол менен алганын түшүндүрүп берген.

2003-жылы ага алгачкы кыргыз паспорту берилген — бул коопсуздук планында эң эле корголбогон деп таанылган 1994-жылкы эски үлгүдөгү паспорт болгон.

«Маалыматтардын бардыгы калем сап менен жазылып, сүрөт да кол менен чапталчу. Ошондуктан мындай документтерди жасап коюу абдан жеңил», — деп билдиришкен МККдан «Кактустун» журналисттерине.

МКК чындыгында паспорт кимге таандык болгонун билбейт. Саймаити 2014-жылы паспортун алмаштырып, жаңы ID жана тышкы паспорт алган. Бул документтерди алыш үчүн Саймаити чоочун ИНН берген — бирок бул араң гана 2018-жылы белгилүү болгон. Документтер ага Жалал-Абад облусунун Сузак райондук бөлүмүндө берилген. Бөлүмдүн алып баруучу адисине «мыйзамсыз паспорт берүү», «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «документтерди жасалмалоо» үчүн айып тагылды.

ИИМдин маалыматы боюнча, МКК 2019-жылы 36 жасалма паспорт берген. Жада калса паспорт берүү функциясын кайрадан МККдан ИИМге өткөрүп берүү сунушу да айтылган. Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын июлунда, УКМК террористтер пайдаланган болушу мүмкүн паспортторду жасалмалоо боюнча каналды аныктаган.

Кыргыз жарандарынын паспортторунун жасалмалары утур-утур ар кандай кылмышкерлерден табылып тургандыктан кыргыз паспортторунун аброю түшүп кеткен. Ноябрдын башында жасалма кыргыз паспортун көтөргөн жана интерполдун издөөсүндө жүргөн казак жараны кармалган. Июнда кыргыз документтери адамдарды жалданып өлтүрүүгө шектелген орусиялыктан, ал эми апрелде жасалма кыргыз паспорту Украинанын атайын кызматтарынын автоунаасын жардырууга шектелген адамдардан табылган.

Жасалма кыргыз паспорттору жөнүндө окуялар биринчи жолу эле ачыкка чыгып жаткан жок. Мындай учурлар бир жыл мурда да, беш жыл мурда да болуп келген.

Кошумча төмөнкү материалды да окуңуз:

Кыргызстан аркылуу 700 млн доллардын изин жашырган Айэркен Саймаитинин окуясы