УКМК экс-консул Сопоковду кармады — анын унаасы Саймаити киши колдуу болгон жерде табылган

Эркин Сопоков. Сүрөт: RFE/RL

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстандын Стамбулдагы экс-консулу Эркин Сопоковдун кармалганын маалымдады. Сопоков 28-ноябрь күнү УКМКга суракка чакырылып, андан кийин изоляторго киргизилген.

Сопоковдун автоунаасын Кыргызстанда издөөгө алынган кытайлык ишкер Айэркен Саймаити айдап жүргөн. Дипломатиялык номери бар бул автоунаа 10-ноябрда Саймаити киши колдуу болгон Стамбулдун мейманканасына караштуу кафеден табылган.

Сопоков консулдук автоунааны Саймаитиге пайдаланууга бергендиги үчүн «Кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» айыпталууда.

Дагы эки башка айыптоо кытайлык бизнесменге байланыштуу эмес.

Сопоковдун аялы Стамбулда жашап турганы үчүн төлөмдөр аткарылып турган — дагы бир «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» айыбы ушул боюнча тагылган. УКМК билдиргендей, ошол эле учурда консулдун аялы Стамбулда «факт боюнча жашаган эмес».

Ошондой эле Сопоков «мыйзамсыз байыган» делип айыпталууда — андан 200 000 доллар жана баасы 47,6 млн сом турган кыймылсыз мүлк табылган.

Саймаитинин өлүмү

Сопоков Саймаитини киши колдуу болушуна байланыштуу суракка алынган. Саймаити бир гана консулдун автоунаасын пайдаланбастан, Сопоков менен кошо түрк аткаминерлери менен жолугушкан. Алтургай Түркиянын экс-маданият министри кыргыз консулу жана анын бизнесмен достору менен жолугуштум деп жазып, Сопоков менен Саймаитинин сүрөттөрүн жарыялаган.

Сопоков унаасы Саймаити өлтүрүлгөн кафенин жанында табылгандан кийин кызматынан ажыраган. Мындан тышкары, Кыргызстандын бийлиги башка консулдардын автоунааларын текшерип көрүүнү чечкен — дипломаттар кимдир бирөөлөргө элчиликтин менчигин бербеши керек.

Түрк полициясы Саймаитини өлтүрүү тууралуу иш боюнча төрт адамды кармаган. Киши колдуу болоордун алдында Саймаитиге өлтүрөбүз деген коркутуулар болгон, ал бул тууралуу журналисттерге айтып берүүгө үлгүргөн. Саймаити журналисттердин маалыматчысы болгон жана «АКА» компаниялар тармагынын башчысы Хабибула Абдукадырга иштеп, Кыргызстандан 700 млн доллардан ашык акчаны кантип чыгарып кеткенин айтып берген.

Тексттин үстүндө иштегендер: Бегай Бегалиева,

Аймира Мотоева, Айгерим Кызыкбаева