Көркөм сүрөт искусство музейинин директору Мира Жангарачева кызматынан кетти


Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинин директору Мира Жангарачева 2-декабрь күнү эртең менен өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Ал мындай кадамга музейдин кызматкерлерин жана заманбап искусствонун алгачкы Феминналенин уюштуруучуларын улуттук патриоттор («Кырк чоро» кыймылынын өкүлдөрү) тарабынан «коркутуу жана физикалык жазалоодон» коргоо үчүн барган.

Маданият министри Азамат Жаманкулов Жангарачеванын кызматтан кетүү арызына кол койгонун билдирди.

«Мира Камилевна бул арызды коом алдында жоопкерчилигин сезип жазды», — деп билдирди ал.

Жаманкулов көргөзмөдө перфоманстардын бирин жылаңачтанган аял чагылдырганы үчүн кечирим сурады.

Ал мындай иш-чараларды колдобосун, ал эми Феминналеде тулку бойдун тили «эпатаж жана коомду дезориентациялоо үчүн» колдонулган.

«Иш-чара макулдашылган болчу, бирок анын мазмуну жыйынтыгында музейде болуп өткөндөн айырмаланган эле», — деп билдирди министр.

Аргасыздыктан кызматтан бошотуу

Мира Жангарачеваны кызматынан бошотуу «аргасыз» деп айтылууда. Мындай билдирүүнү коомдук ишмер Айжан Чыныбаева жасады. Бул пикирге көргөзмөнүн айрым катышуучулары менен көрүүчүлөрү да тилектеш.

Жангарачева улутчул патриоттор жана социалдык тармактардын колдонуучулары көргөзмөнүн перформанстарынын бирин сындап чыгышкандан кийин кызматын тапшырып кетти.

Даниялык перформанист Julie Savery көргөзмөдө жылаңач болуп чыккан. Ал өз аракети менен секс кызматкерлерди коргоо маселесине көңүл бурдурткан.

Музейде иштегендер жана келүүчүлөр көптөн бери музейге мынчалык адам келбегенин белгилеп, ал эми жылаңач сүрөтчү айымдын перформансы жылаңач адамдар жок болгон башка көптөгөн көркөм акциялардын бирөөсү экенин айтышты.

Феминнале

Кыргызстандагы алгачкы феминисттик көргөзмө

Кыргызстандагы алгачкы феминисттик көргөзмө «Феминале» деп аталат. Анын максаты — иш-чара аркылуу аялдарга карата зомбулук жана гендердик теңсиздик маселелерине көңүл бурдуруу. Бул иш-чара үч жыл мурун Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза тапкан 17 кыз-келиндин элесине арналып 17 күнгө созулат.

Posted by Kloop кыргызча on Thursday, November 28, 2019

Феминнале — бул Кыргызстандагы алгачкы феминисттик көргөзмө. Ал аялдарга карата зомбулук жана гендердик теңсиздик көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруу максатында өткөрүлгөн. Ал үч жыл мурда Москвадагы басмаканада өрттөн улам каза тапкан 17 кыз-келиндин элесине арналып, 17 күнгө созулушу керек болчу.

Маданият министрлигинин чечими боюнча көргөзмө атайын түзүлгөн комиссия андан «чагымчыл» экспонаттарды алып салмайын убакытылуу токтотулат.

Экс-президент Роза Отунбаева көргөзмөнү колдоп чыкты.

«Маданият министри бүгүн социалдык тармактардагы талкуулардын басымы менен билдирүү жасады. Бул көргөзмө боюнча пикримди айткым келет: ал олуттуу, терең, жаңычыл, ал жакта түкүрүнүп, уруша бербей басып жүрүп ойлонуш керек!» — деди ал.