УКМК «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин иликтөөсүнө «катыштыгы бар адамдардын бардыгын» суракка алат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 2-декабрда бажыдагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөөгө катыштыгы бар деп эсептеген бардык адамдарды суракка чакырды. Алардын арасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов бар.

Мындан тышкары, суракка «Азаттык» үналгысынын эки иликтөөчү журналисти, жарандык активисттер, парламенттин депутатары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов жана мурдагы депутат, учурдагы саясий активист Ширин Айтматова чакырылган.

«Иликтөө иштери ар тараптуу жана ачык айкын өткөрүү максатында тиешелүү баардык тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

УКМКдан суракка чакырылган адамдардын толук тизмесин маалымдашкан жок. Пресс-релизде алар «жана башкалар» деп берилген.

Абылгазиев буга чейин бажыдагы «мурдагы жана учурдагы кызмат адамдарынын материалдарда чагылдырылган коррупциялык иш-аракеттерин» иликтөөнү тапшырган.

Ал бажы кызматынын ишиндеги коррупцияга каршы учурдагы чаралар майнапсыз экенин, ал эми «бажычылардын ишиндеги коррупциялык көрүнүштөр бийликтин коррупцияга каршы аракеттеринин бардыгын жокко чыгарып коюп жатканын» мойнуна алган.

Аткезчилик, коррупция жана салык төлөөдөн качуу

Өкмөт башчысы бажыдагы аткезчиликтин, коррупциянын масштабы жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөө чыккандан кийин билдирүү жасаган.

Азырынча укук коргоо органдары кайтыш болоорунун алдында журналисттерге коррупциянын кулачы жөнүндө маалыматтарды өткөрүп берүүгө үлгүргөн кытайлык ишкер Айэркен Сайматинин киши колдуу болушу боюнча иш менен алек. Ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен кызматташып, өлкөдөн 700 млн доллардан ашуун акчаны мыйзамсыз чыгарган жана аткез товарлардын ээси Хабибулла Абдукадырга жалданып иштегенин айтып берген.

Айэркен Саймаити 10-ноябрда атып өлтүрүлгөн. Анын өлтүрүлүшү тууралуу иш боюнча экс-консул Эркин Сопок менен бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов суракка алынган. Матраимов суракта беш саат отурган, ал эми Сопоков кармалган — ал кызматтык ыйгарым укуктарды кыянат пайдалангандыгында айыпталууда, анткени Саймаити анын автоунаасын колдонуп жүргөн. Дипломат кызматтык машинаны бөлөк адамга бере албайт, анын үстүнө Кыргызстанда изделип жаткан да бербеши керек.