Райымбек Матраимовдун декларациясында жубайынын БАЭдеги кыймылсыз мүлкү көрсөтүлгөн эмес

Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова Бириккен Араб Эмираттарындагы кыймылсыз мүлкүн 2015-2017-жылдар аралыгында сатып алган.

Бул аймактагы курулуштар тууралуу кенен маалымат базасын камтыган BNC Network тобунун отчётуна ылайык, Тургуновага Jumeirah Village Circle районунда эки жер тилкеси таандык.

Алардын бирөөсүндө учурда беш кабаттуу көп функционалдуу имараттын курулушу жүрүп жатат. Уулкан Тургунова бул долбоордун инвестору болуп саналат.

BNC Networkтун отчётунда ушул долбоордун дагы үч ээси бар экени айтылган: Хабибула Абдукадырдын иниси инвестор Маймайтили Хадир, Абдукадыр башкарган AKA International компаниясы жана Дубайдагы Nakheel курулуш компаниясы. Абдукадыр — бир туугандардын эң уулусу жана үй-бүлөлүк кландын лидери.

Бул курулуш долбоору — Матраимовдор менен Абдукадырдун үй-бүлөлөрү расмий бизнес өнөктөштүктө экенин ырастаган алгачкы документалдык далил.

Ошондой эле Тругунова Jumeirah Beach Residence районунда элиталуу комплексте батирге ээлик кылат.

Бул кылймылсыз мүлк бирдиктирине ал, кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылгандыгы тууралуу маалыматтын ачыкка чыгып кетишине ылайык, 12 млн доллар сарптаган.

Бул маалымат Матраимовдун 2016 жана 2017-жылдагы декларацияларында көрсөтүлгөн эмес, бирок ал өзүнүн жакын туугандарынын мүлкүн көрсөтүүгө милдеттүү эле.

Райымбек Матраимовдун 2017-жылдагы декларациясы. Сүрөт: Мамлекеттик салык кызматы

Райымбек Матраимовдун 2016-жылга карата декларациясында үй-бүлөсүнүн кирешеси ошол жылы 217 миң долларга бир аз жетпеген акчаны түзгөн, ал эми анын жеке маянасы 12 300 долларды түзгөн, бирок 2017-жылы маянасы 9 300 долларга чейин төмөндөгөн. Анын 2015-жылга карата декларациясы таптакыр эле 7 739 доллар жылдык маянасын көрсөтүп турат.

Декларациялардагы 39 чарчы метрлик батир, 190 чарчы метрлик хан сарай жана «Лексус 460» автоунаасы тууралуу маалымат өзгөртүлбөгөн бойдон калган.