УКМК «Азаттыктын» журналисттеринин суракка келүүсүн талап кылууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 4-декабрда бажыдагы коррупция жана Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча «Азаттык» үналгысынын журналисттеринин физикалык катышуусун талап кылды.

Буга чейин «Азаттык Медианын» редакциясы журналисттер учурда чет өлкөдө жүргөндүктөн видео байланыш аркылуу бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

Бирок УКМКдан тергөө аракеттерине скайп же башка техникалык каражаттар аркылуу катышуу мүмкүн эмес экенин жана суракка келип катышыш керектигин билдиришти.

«Ушуга байланыштуу [...] Ыдырыс Исаков менен Мухаммедали Токтакуновдун УКМК тергөө органына катышуусун камсыздап берүүнү өтүнөбүз», — деп билдирет УКМК.

Ведомство буга чейин жарандык активисттерди, парламенттин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Дүйшөн Төрөкуловду жана экс-депутат, саясий активист Ширин Айтматованы да суракка чакырган.

УКМКдагы сурактар

УКМК 2-декабрда журналисттик иликтөөгө катыштыгы бар деп эсептеген адамдарды суракка чакырган. Бирок, суракка чакырылган адамдардын толук тизмеси айтылган эмес. Пресс-релизде алар «башкалар» деп көрсөтүлгөн.

Азырынча укук коргоо органдары кайтыш болоорунун алдында журналисттерге коррупциянын кулачы жөнүндө маалыматтарды өткөрүп берүүгө үлгүргөн кытайлык ишкер Айэркен Сайматинин киши колдуу болушу боюнча иш менен алек. Ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен кызматташып, өлкөдөн 700 млн доллардан ашуун акчаны мыйзамсыз чыгарган жана аткез товарлардын ээси Хабибулла Абдукадырга жалданып иштегенин айтып берген.

Саймаитинин өлтүрүлүшү тууралуу иш боюнча экс-консул Эркин Сопоков менен бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов суракка алынган. Матраимов суракта беш саат отурган, ал эми Сопоков кармалган — ал кызматтык ыйгарым укуктарды кыянат пайдалангандыгында айыпталууда, анткени Саймаити анын автоунаасын колдонуп жүргөн. Дипломат кызматтык машинаны бөлөк адамга бере албайт, анын үстүнө Кыргызстанда изделип жаткан да бербеши керек.