Бажы менен ИИМдин «көмүскө кербен» тууралуу жаңы иликтөөгө карата реакциясы

3-декабрдын түнүндө «Азаттык», OCCRP жана Kloop дагы эки материал чыгарышты. Ал материалдар коррупция, аткезчилик жана Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун акча тууралуу масштабдуу журналисттик иликтөөгө кирет.

Журналисттер октябрдагы бизнесмендердин көзүн тазалоолорду Айэркен Саймаити менен байланыштырышкан — киши колдуу болгон Хуфур Абдурахеман жана Хусан Керимов анын курьерлери болуп чыгышкан. Тагыраагы Саймаитиге бир эле учурда миллиондогон долларларды ташыган көптөгөн курьерлеринин бири.

Эртеси ИИМ Абдурахеман менен Саймаитинин байланышы тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарды. Ведомствонун айтымында, анда октябрда киши колдуу болгон «Мадина» кафесинин башчысы менен ноябрда атып өлтүрүлгөн Саймаити байланышкан деген маалымат жок. Саймаити өзү болсо киши колдуу болоор алдында Абдурахеман жана Хусан Керимов анын кол алдында иштегенин журналисттерге айтып берүүгө үлгүргөн. Керимовдун денеси өз автоунаасынын багажнигинде Бишкектеги аэропорттун алдында табылганы Саймаитини журналисттерге көптөгөн маанилүү документтерди өткөрүп берүүгө түрткү кылган.

ИИМ Керимов Саймаитинин курьери болушу мүмкүндүгүн четке какпаганы менен милиция ал «бандролдорду» жеткирип иштегенин кабарлаган.

Иликтөөнүн жаңы бөлүмүндө курьерлер акчаларды чемоданга салып кантип чет өлкөгө чыгарышканы тууралуу айтылып, анын ичинде чек арачылардын жана жогоруда айтылгандарды тастыктаган бажынын мурдагы кызматкеринин көрсөтмөлөрү берилгени.

«Манас» аэропортунун ички иликтөө бөлүмүн жетектеген Самат Исабеков курьерлер аткезчилик аркылуу күндө Кытайга эле 30-40 млн доллар ташыганын айтып берген.

«[Жөнөтүлгөн] ар бир миллион долларга 2 миң доллар алышат деп уккам», — деп айткан Исабеков: «Так билем, бажыдагылар 1000 долларын алчу, калганын башкалар бөлүшүп алат эле...», — деген ал журналисттерге. Бажы кызматы болсо ал «коомчулукту адаштырып жаткан өңдүү» деп айтууда. Мындан тышкары, бажы кызматы 10 000 долларга жетпеген акчаны декларациялоо милдеттүү эмес, ал эми ЕАЭБдин бажы мыйзамдарында кандайдыр бир бажы төлөмдөрүн төгүү каралган эмес деп көшөрүүдө.

Финчалгын менен финполиция комментарий алуу үчүн жеткиликтүү болгон эмес. Бирок, финпол мурдараак Саймаити Кыргызстандан акчаларды мыйзамсыз чыгарган жалгыз адам болгон эмес деп билдирген. Ведомство операцияга сегиз адам катышканын кабарлаган, ал эми Саймаити журналисттерге тартипке салынган курьерлер түйүнү тууралуу айтып берген.