Оштогу мечитте «аял кандай болушу керек» деген темада баяндама окулду

Ош шаарындагы "Сулайман Тоо" мечити. Cүрөт: Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы

Ош шаарынынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев 4-декабрда аялдар үчүн баяндама окуду. Анын темасы «аял деген ким жана кандай болушу керек» деп аталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы сайтында жарыялады.

«Балдарыбыз билимди мектептен алышат. Бирок таалим–тарбия, адеп-ахлак жөнүндө айта турган болсок ал үйдөн алынат. Абийириңди жашыңан сакта деп ата-бабаларыбыз бекеринен айтышкан эмес. Анткени баш бутак тез ийилет. Эң маанилүүсү ал бутак жакшы же жаман тарапка ийилүүсүндө болуп жатат. Бул маселеде эне чоң ролду ойнойт. Анткени баланын жанында эң көп, 24 саат эне жүрөт», — деп Сарыбаевдин баяндамада айткандары келтирилет.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев «Клоопко» мындай баяндамалар аялдар үчүн ар дайым өткөрүлүп тураарын билдирди.

«Ар бир казыяттын алдында атайын аялдар үчүн борборлор бар. Апаларыбыз, эжелерибиз бош убактыларында келип сабак алып кетишет. Лекциялар көбүнчө кожойкелерге, улуу муундагы апаларыбызга өтүлүп турат. Кечээ өткөрүлгөн баяндаманын басымдуу бөлүгү балага туура тарбия берүү боюнча болду», — дейт ал.

Мурдараак Гапар Айтиев көркөм сүрөт искусство музейинде «Феминале» аталыштагы алгачкы феминисттик көргөзмө ачылган. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара үч жыл мурун Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза тапкан 17 кыз-келиндин элесине арналат. Анын максаты — иш-чара аркылуу аялдарга карата зомбулук жана гендердик теңсиздик маселелерине көңүл бурдуруу болгон.

Көргөзмөдө перфоманстардын бирин жылаңач аял көрсөтүп чыккан. Даниялык Жули Сэйверинин аракетинен кийин «Кырк Чоро» кыймылынын мүчөлөрү заманбап исскуство көргөзмөсүнүн уюштуруучуларына асылышкан. Кийинчерээк музейдин директору Мира Жангарачева кызматын тапшырган. Маданият министрлиги исскуствону эмес улутчул патриотторду колдоп, көргөзмөнүн бир нече экспонатын чагымчыл деп атап көрсөтүүгө тыюу салган.