Тажикстандыктар такталбаган аймакта жүргүзгөн айыл чарба иштерин токтотушту — Чек ара кызматы

Кыргызстандын чек ара кызматы Баткен облусунун Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында абал «туруктуу» болгонун билдирет.

Ведомство тараткан маалыматка ылайык, 11-декабрда Тажикстандын жарандары Миң-Булак калктуу конушуна чектеш такталбаган аймакта алты трактор менен жерди түздөө иштерин башташкан.

«Чукул арада эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү, райондордун жана айыл аймактардын жетекчилери жолугушушту. Анда чек ара такталмайынча Тажикстандын жарандары иштерин токтотушаары боюнча чечим кабыл алынды», — деп кабарлашты чек ара кызматынан.

Бир нече күн мурда Жалал-абад облусунун Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасында Тажикстандын чек арачылары менен тургундардын ортосунда кайым айтышуу болгон.

Кыргызстандын чек ара кызматынан пикир келишпестикке шарттуу тилкеде отоп жүргөн Кыргызстандын жаранына таандык мал Өзбекстандын чек арасына өтүп кеткени себеп болгонун билдиришкен.