Атамбаевге адам өлтүрүү боюнча айып тагылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге спецназ кызматынын башчысы Үсөн Ниязбековду өлтүрүү боюнча айып тагылды.

ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев билдиргендей, Ниязбековду өлүмгө алып келген ок Атамбаевге катталган снайпердик винтовкадан чыккан. «Альфа» атайын түзүмүнүн башчысы 7-августта Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүн штурмга алуу учурунда каза тапкан.

Парламенттин депутаты Тынчтык Шайназаров Кой-Таштагы окуяларга жоопкерчилик «толугу менен» Атамбаевде жана анын тарапташтарында жатат деп билдирди.

«Ал массалык башаламандык, талап-тоноо менен коштолгон аракеттер аркылуу бийликти күч менен алууну пландаган. 2019-жылдын 7-8-августтарында Кой-Таш окуяларына болгон жоопкерчилик толугу менен Атамбаев менен анын тарапташтарында», — деди ал.

Парламенттин мүчөлөрү отурумда өкмөткө жана укук коргоо органдарына мамкомиссиянын корутундусунда камтылган фактыларды текшерүүнү тапшырышты.

Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча комиссияны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча 29-августта түзүлгөн. Ал комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген, ал эми анын курамына жети депутат, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.

Комиссия 7-8-августтарда Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен укук коргоо органдарынын ортосундагы кагылышууну иликтейт. Атамбаевди кармоо аракетинен улам бир спецназчы курман болуп, жүзгө чукул адам жабыркаган.