«Саясий буюртма». Равшан Жээнбеков эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековду 9-февралга чейин тергөө изоляторунда калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев кабарлады.

«Равшан Жээнбековго үч оор берене боюнча күнөө тагылууда. Алар спецназчыларды барымтага алууну, массалык башаламандыкты, бийликти басып алууга далаалат жасоону уюштуруу. Жээнбековго күнөө күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча тагылууда дешти. Бирок бир да күбө ага каршы көрсөтмө берген эмес», — деп билдирди соттон кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып адвокат.

Ал эми Жээнбеков өзү сот залынан чыгып жатканда журналисттерге кыскача комментарий берүүгө жетишип, ишин «саясий буюртма» деп атады. Ошондой эле ал Кыргызстанда «адилетсиздик орногонун» айтып, «сот жана прокурорлор бийликтин гана айтканын кылып жатканын» кошумчалады.

Жээнбековдун кармалышы үстүбүздөгү жылдын август айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуу менен байланыштуу. Ошондо бийлик Атамбаевге коррупция боюнча айып таккан эле. Ал эми мурдагы президент спецназдын колуна дароо түшүп бергенден баш тартып, эки күн бою Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен бирге коргонгон.

Жыйынтыгында кагылышуу орун алып бир спецназчы каза тапкан. Мындан тышкары алтоо Атамбаевдин үйүндө кармалган — бийликтин айтымында, аларды Атамбаевдин тарапташтары барымтага алышкан.