«Кыргызмунайгаз» ишканасы Жалал-Абадда жаңы газ кенин тапты — видео

«Кыргызмунайгаз» ишканасы Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын аймагынан жаңы газ кенин ачты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Руслан Абдумуталип уулу фейсбук баракчасында маалымдады.

«"Кыргызмунайгаз" башкармалыгы пландалган газ багытында бургулоо иштерин быйыл аткарып, эми аймактарга да газ бериле баштайт», — деп жазган Абдумуталип уулу.

"Кыргызнефтегаз" башкармалыгы 50 жылдан кийин газ багытында бургулоо иштерин быйыл аткарып, пландалган жумуштар ийгиликтуу аяктады. Эми аймактарга дагы газ бериле баштайт.

Posted by Ruslan Abdumutalip Uulu on Friday, December 13, 2019

Басма сөз катчынын айтымында, ишкана сентябрь айынан бери 2040 метр тереңдикке чейин бургулоо иштерин жүргүзгөн. Азыркы учурда бул аймакта күнүнө 7 миң метр куб газ чыгууда. Бургулоо жумуштары толук аяктаганда газдын көлөмү дагы артаары күтүлүүдө.

«Кыргызмунайгаздан» кабарлашкандай, Кыргызстанда табигый газды өндүрүү жана бургулоо жумуштары 1970-жылдан бери дээрлик жүргүзүлгөн эмес. «Кыргызмунайгаз» өндүрүштүк мекемеси 1952-жылы ачылган. Учурда ишкана Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата, Майлы-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн тонна мунай жана 4,7 млрд метр куб газ коруна ээ.