Бишкекте Садыр Жапаровду колдоо боюнча тынчтык митинги болуп өттү

Экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо боюнча тынчтык митинги шаардын чыгышындагы Горький атындагы сейил бакта болуп өттү.

Акцияга 100дөн ашуун адам катышты. Жапаровдун тарапкерлери бийликти учурда 10 жылдык жазасын өтөп жаткан экс-депутатка ырайым берүүгө чакырышты.

Жарандык активист Мелис Аспеков Жапаровду боштондукка чыгаруу үчүн 500 миң кол топтолгонун кабарлады.

Анын айтымында, мурдагы депутаттын тарапкерлери миллион кол топтоп, аны президент Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берүүнү пландашууда.

Мурдараак Жапаров президентке кайрылуусунда ырайым сураган. Биринчиден, ал өзүнө каршы иш токулган деп эсептейт. Экинчиден, үй-бүлөсү оор абалда болууда.

Анын адвокаты Шарабидин Токтосунов «Клоопко» курган маегинде түшүндүргөндөй, Жапаров түрмөдө отурган убакта ата-энеси кайтыш болуп, уулу жол кырсыгынан каза тапкан.

«Азыр анын үй-бүлөсү оор абалда. Ал ушул себептен улам ырайым берүүнү сурап жатат», — деп билдирген Токтосунов.

Садыр Жапаров — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруусуна каршы чыккан саясатчы.

2018-жылы сот Жапаровду Каракол шаарында жана 2013-жылы Саруу айылында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу үчүн митингди каржылоого күнөөлүү деп тапкан.

Сот Жапаров митингчилерди башкарып турган жана Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алгыла деп митингчилерге буйрук берген деп эсептеген. Ал 11,5 жылга эркинен ажыратылган.

Кийинчерээк Жогорку сот бул мөөнөттү бир жарым жылга кыскарткан.

Каптагаев өзү болсо Жапаровго эч кандай дооматы жок экенин айтып, үстүбүздөгү жылдын сентябрында саясатчынын ишин кайра карап чыгууну сураган.