Депутаттар Саймаитини өлтүрүүнүн айланасындагы окуяны иликтөө боюнча комиссиянын ишин узартышты

Депутаттар парламенттин 19-декабрдагы отурумунда бизнесмен Айэркен Саймаитиге байланыштуу жагдайларды изилдөө боюнча убактылуу комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартышты. Ал 10-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы мейманкананын биринди атып өлтүрүлгөн.

Депутат жана комиссиянын мүчөсү Мирлан Жээнчороев билдиргендей, иш маморгандардын бардыгы комиссиянын сурамдарына жооп бере электигине байланыштуу узартылган.

«Жооп берип жатышкан маморгандарга сурамдар жөнөтүлгөн. Бирок жооптун бардыгы келе элек. Бүгүнкү күнү маморгандардын бир бөлүгү маалыматтардын бардыгын бере элек», — деп билдирди ал.

Депутаттык комиссия 21-ноябрда түзүлгөн жана ага ар башка фракциялардан 12 депутат кирет. Мурдараак комиссиянын курамына депутат Искендер Матраимов менен Алтынбек Сулайманов да кирген, бирок алар кийин өз эрки менен комиссиядан чыгып кетишкен.

Искендер Матраимов комиссиядан кызыкчылыктар кагылышы жаралбасы үчүн чыгып кеткен, анткени ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы. Саймаитинин айтымында, Райымбек Матраимовдун бажыдагы коррупциялык түйүнгө байланышы бар болгон.

Сулайманов комиссиянын ишинде «күмөн жаралбашы үчүн» чыгып кеткен, себеп дегенде ал Саймаити менен байланыштуу болгон ыктымалдыгы айтылган.

Саймаитинин өлүмү

Айэркен Саймаити Стамбулдун отелдеринин бириндеги кафеде 10-ноябрда киши колдуу болгон. Түркия ЖМКларынын маалыматы боюнча, Саймаити кафеде отурганда ага бир эркек киши басып келип, үн басаңдаткычы бар тапанча менен башына ок аткан.

Саймаитинин өлүмү тууралуу иш боюнча төрт адам кармалып, шектүүлөр изин жашырып качып кеткен машина менен курал табылган. Саймаитинин өмүрү 1000 долларга бааланган деп маалымдалууда — жан кыйуучуларга ушундай сумма төлөнгөн делген.

Кыргызстанда Саймаитини таасирдүү делген Матраимовдор кланы менен байланыштырышат. «Клооп» жана «Азаттык» Саймаити Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарып кеткенин мойнуна алган иликтөө чыгарышкан.

Акчалардын көп бөлүгү 55 жаштагы кытайлык бизнесмен Хабибула Абдукадырга жөнөтүлүп турган. Ал декларацияланбаган жана туура эмес жол-жоболоштурулган миллиондогон долларлык товарларды Кытайдан Кыргызстанга жана андан ары коңшу өлкөлөрдүн базарларына жеткирип турган.

Саймаитинин айтымында, Абдукадырга бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жардам берип турган — ал аркылуу бир катар мамкызматкерлерди сатып алуу жүргүзүлгөн.