Беш жашар кызды «зордуктоого аракеттенген» тургун эки айга камакка алынды — Аксы району

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 20-декабрда 5 жашар кызды «зордуктоого аракеттенген» деген шек менен тургун кармалды. Окуя бир күн мурда кыздын ата-энеси базарга кеткен учурда орун алган. Жаш кыз үйдө үч жашар иниси менен жалгыз болгон.

«Бейтааныш адам кызына ыплас аракеттерди жасагандыгын билдирип Аксы районунун тургуну арыз менен кайрылган. Болгон окуяны кызы апасына базардан келгенде айтып берген. Ыкчам иликтөө аракеттеринин натыйжасында ошол эле күнү Аксы районун 39 жаштагы тургуну кармалды», — деп билдирди «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев.

Шектүү ыплас аракеттерди жасаган учурда мас абалында болгондугун жана буга чейин «мал уурдоо» боюнча жоопкерчиликке тартылганын кошумчалады Жээнтаев.

Бул факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ыплас аракеттерди жасоо» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ошондой эле окуя боюнча соттук-биологиялык жана соттук-психиатриялык эскпертизалар дайындалды. Ал эми шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Облустун Базар-Коргон районунда март айында мектептердин биринин ажатканасында даярдоо классынын окуучусун зордуктоого аракеттенген 35 жаштагы киши кармалган. Ажатканадагы окуучунун кыйкырганын угуп калган жогорку класстын окуучулары кызды шектүүнүн колунан сууруп чыгышкан. Шектүү мас абалында болгондугу аныкталып, ага каршы «зордуктоо» беренеси менен иш козголгон.