Алайга көчүп келген ооган кыргыздары мектепке жайгаштырылды

Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылына Ооганстандан 23-декабрда сегиз үй-бүлө көчүп келди. Бир жума мурда эки үй-бүлө келген.

Айыл өкмөт башчы Рахматилла Саитов «Клоопко» памирлик кыргыздар мектепке жайгаштырылганын билдирди. Анын айтымында, бул үчүн эски окуу жайдын бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

«Мектеп корпусу убактылуу баш калкалоо жайы. Имаратта жылуулук бар, алдын ала атайын шарттар түзүлгөн», — деп түшүндүрдү ал.

Саитов 2020-жылдын март айынан тарта этникалык кыргыздарды эки мугалим кыргыз тилинен окутуп баштаарын кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын башында аталган райондун Талды-Суу айыл аймагына памирликтер үчүн жети үй курула тургандыгы маалымдалган. Этникалык кыргыздар үчүн турак жай курууга 1,2 гектар жер жана 10 млн сом бөлүнгөн. Курулуш иштери жаңы жылдын апрелинде башталмакчы.

Саитовдун айтымында, калган үч үй-бүлөгө 2020-жылдын бюджетинен үй курулушу мүмкүн. Бирок ал так маалымат бере алган жок.

Ооганстандан памирлик кыргыздарды Кыргызстанга бийлик 2017-жылдан баштап алып келе баштаган. Алгач Нарын облусуна 33 этникалык кыргыз алып келинип, аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, бир үй-бүлөгө турак жай берилген. Кийинчерээк Орусиядагы мигрант дагы бир памирлик үй-бүлөгө Кара-Балтадагы үйүн белек кылган.

Кийинчерээк жарым жылдан кийин 20га жакын этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Алар кайтып келбегендигин Кыргызстандагы начар жашоо шарты жана жаңы элге сиңишип кете албагандыктары менен түшүндүрүшкөн.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эмне үчүн Кыргызстандан кетип жаткан ооган кыргыздары кайра кайтууну каалашпайт?

«Кылаарга ишибиз жок»: Нарынга көчүрүлүп келген памирдик кыргыздардын жашоосу кандай өтүп жатат?

«Мамлекеттик программада памирлик кыргыздардын алыскы келечеги каралган эмес»