Кочкор-Атада жергиликтүү бюджеттин эсебинен «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирди

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарынын мэриясы «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизди. Долбоорду «Хай-теч Эмир» компаниясы ишке киргизген. Кочкор-Атанын көчөлөрүндө 16 жол кесилишине 106 камера орнотулган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «башка региондор да өз күчтөрү менен долбоорго кошулуп жатышкандары кубанычтуу» экенин билдирди. Кочкор-Ата долбоорду өз эсебинен ишке киргизип жатканда, бийлик долбоорду Ошто ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп жаткан.

Өкмөт билдиргендей, Кочкор-Атада «Коопсуз шаар» ноябрдан тарта иштеп жатат. Ал эми аны ишке ашыруу тендери июль айында жарыяланып, 7 694 430 сом сунушталган. «Хай-теч Эмир» компаниясы долбоорду аткарууга 7 358 000 сом сурап, жеңип кеткен.

Коопсуз шаар

Өлкө боюнча «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди сентябрдын ортосунда Кытайдын «Shenzen Sunwin Intelligent Co.Ltd» компаниясы жеңип алган. Бул компания кызмат акысын 2,6 млрд долларга баалаган.

Долбоордун экинчи этабы өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт. Анын ичинде жети облус, облустук жана райондук маанидеги 15 шаар да бар. Мындан бир ай мурда «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Ош шаарынын 35 кесилишине камера орнотула баштаган.

Бул долбоорунун биринчи этабын Орусиянын «Вега» компаниясы жүзөгө ашырган. Долбоор 2019-жылдын февраль айында ишке кирип, камералар Бишкек шаарына, Чүй облусуна жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолдоруна коюлган.

Автору: Ажар Бакирова