Жээнбеков: «Матраимовдор азыраак суммага доо коё алышмак»

Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча уюштурулган бүгүнкү басма сөз жыйынында Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн үч ЖМКга — «Клоопко», «Азаттыкка», 24.kg маалымат агенттигине жана журналист Али Токтакуновго каршы доо арызына комментарий берди.

Ал Матраимовдор азыраак эле суммага доо коё алмактыгын белгиледи.

Ошондой эле президент Кыргызстанда ЖМКлар эң эле эркин жана демократиялуу экенин билдирди. Анын айтымында, «биздегидей сөз эркиндиги көптөгөн башка өлкөлөрдө жөн гана жок».

«Биздикиндей эркиндик кимде бар? Бардыгыңар каалагандай жазып атасыңар! Менин аппаратымдан кимдир бирөө силерге эмнени жазып, эмнени жазбоо керектигин айтып жатабы? Шайлоо учурунда 24.kgни сотко бердик. Бирок шайлоодон кийин доо арызымды чакыртып алдым. Анткени бизде парламент күчтүү, ЖМКлар көзкарандысыз, жарандык коомубуз эркин болгондо гана өлкө өнүгөт. ЖМКлар көзкарандысыз, эркин болушу керек», — деди президент жыл жыйынтыгы боюнча жылдык конференцияда.

Ал сөз эркиндигинин дүйнөлүк рейтингинде 83-орунда турган Кыргызстандын «сөз эркиндигин дайыма коргоорун» белгиледи. Ал «Чек арасыз репортёрлордун» 2019-жылга карата рейтинги жөнүндө айткысы келген болушу мүмкүн.

Ошондой эле президент журналисттерди мыйзамдуулукту сактоого жана жоопкерчиликти сезе билүүгө чакырды.

«ММКлардын эркиндигин коргойм. Эл чын-жалганды айырмалаганды үйрөнүшү керек. Сөз эркиндиги абдан чоң жоопкерчилик — аны сезе билген, аны ар ким эле көтөрө биле албайт. Аны баалаганды да билиш керек. Эң негизгиси мыйзамдуулукту сактаганды үйрөнүшүбүз керек. Ошондо келечегибиз жакшы болот. Эркиндикти туура сактаганды үйрөнөлү!» — деди Сооронбай Жээнбеков.

ЖМКларды сотко берүү

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын бир тууган агасы Искендер Матраимов жана алардын жубайлары, ошондой эле аларга таандык болгон «Исмаил Ата» коомдук фонду 12-декабрда «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларын сотко берген.

Басылмаларды сотко берүүгө «Клооп» жана «Азаттык» OCCRP менен биргелешип чыгарган бажыдагы коррупция жөнүндө иликтөө себеп болгон. Райымбек Матраимов жана анын жубайы — бул иликтөөнүн фигуранттарынын бири.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттыктан» 22,5 млн сом (дээрлик 320 000 доллар), «Клооптон» 12,5 млн сом (177,7 миң доллар) жана Али Токтакуновдон 10 млн сом (142,2 миң доллар) компенсация өндүргүлөрү келүүдө.

Мындан тышкары, алар иликтөөгө эч кандай тиешеси жок, бирок аны өз сайтында басып чыгарып койгон 24.kg басылмасынан 15 млн сом (213,2 миң доллар) компенсация талап кылышууда.

Матраимовдор иликтөөнүн жарык көрүшү Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян тийгизди деп эсептешип, соттон иликтөөдөгү айрым фактыларды жайылтууга тыюу салууну суранышып, анын ичинде материалдые авторлорунун ысымдарын ачыктоону талап кылышкан. Бирок сот алардын өтүнүчүн четке каккан.