Кундуз Жолдубаева бийликти басып алууну уюштурууга шектелип жатат

Материал саат 00:50дө жаңыртылды.

Адвокат Замир Жоошев КСДП партиясынын башчысынын орун басары Кундуз Жолдубаевага барымтага алууну, массалык башаламандыктарды жана бийликти басып алууну уюштуруу боюнча айып тагылганын билдирди. Бишкектин Биринчи май райондук соту Кодуранованы үй камагына алды.

Жолдубаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясын штурмга алуу учурунда анын жанында болгон. Жолдубаева жалгыз беш жашар кызын тарбиялап келет.

Буга чейин ТИЗО-1ге опозициячыл саясатчы, штурм маалында Атамбаевдин үйүндө болгон Равшан Жээнбековго да ушундай эле күнөөлөр коюлган. Ал өзүнө айыптоолорду «саясий буюртма» деп атаган.

Атамбаев колго түшүп бергенден кийин Жолдубаеваны спецназчыларды барымтага алуу иши боюнча күбө катары чакырышкан. Мындан тышкары үйү тинтүүгө да алынган.

Бийлик Атамбаевди ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин негизинде үч жолу суракка келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Ал суракка парламент аны кол тийбестик менен экс-президент статусунан ажыраткандан кийин чакырыла баштаган.

Учурда Атамбаев камакта. Мурдагы президентти укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зомбулук кылууга, массалык башаламандыктарды уюштурууга, адам өлтүрүүгө жана барымтага алууга айыптап жатышат.