Милиция активист Карабалинага кол салуу боюнча текшерүү ишин баштады

Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынан билдиришкендей, феминисттик активист Айгүл Карабалинаны сабоо фактысы боюнча текшерүү башталды. Активистти 26-декабрь күнү кечинде белгисиз эки киши сабап кеткен. Натыйжада анын баш мээси чайкалып, көзүнүн алды көк ала болгон.

Милициядан Карабалина арыз жазбаганына карабастан текшерүү башталганын билдиришти. Кол салган кишилер аны эгер ал милицияга кайрыла турган болсо «таап алабыз» деп коркутушкан. Ал өзүнүн жана кызынын коопсуздугу үчүн бүгүн чет өлкөгө кетүүнү пландап жатат.

Карабалина «Клоопко» курган маегинде кол салуу заманбап искусство «Феминнале» көргөзмөсүнө байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоду — ал көргөзмөнү уюштургандардын бири болгон. Буга чейин ага комментарийлерде коркутуулар болгон.

«Феминнале»

Феминале — бул Кыргызстандагы алгачкы феминисттик көргөзмө. Ал ноябрь айынын аягында башталып, үч жыл мурун Москвадагы басмакада чыккан өрттөн каза тапкан 17 кыз-келиндин элесине арналып 17 күнгө созулган.

Көрсөтмөгө 22 өлкөдөн келген 50 арт-уста катышкан. Алардын эмгектери аялдарга карата зомбулук, басмырлоо, теңсиздик жана сексизм тууралуу чагылдырган.

Көргөзмөдөгү даниялык сүрөтчү Жули Саверинин перфомансы улутчул патриорттордун нааразычылыктарын жараткан. Савери жылаңач чыгуу менен секс жумушчуларынын көйгөйлөрү тууралуу айтып берген.

Улутчул патриотторго башка да экспонаттар жакпай калган, анын ичинде аялдын тулку бою түрүндөгү боксер грушасы жана аялдын ич кийими бар. Алар аялдарга карата зомбулукту символдоштуруп илинген. Улутчул патриоттор көргөзмөнүн уюштуруучулары менен музейдин администрациясын коркутушкан.

Улутчул патриотторду маданият министри Азамат Жаманкулов да колдоп чыккан. Кийинчерээк көрсөтмөнү президент Сооронбай Жээнбековд да сынга алган — ал өзүнүн жыл жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында «бул жакшы эмес» деп айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Активист Карабалина кол салуу болгонун билдирди — ал башынан жаракат алган