Ымыркайы менен төртүнчү кабаттан боюн таштаган аял 11 жылга кесилди — Ош шаары

Ош облусттук соту өз өмүрүн кыюу максатында сегиз айлык баласы менен төртүнчү кабаттан секирген аялга өкүмдү декабрдын башында чыгарган. Аял «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен соттолду.

Бир жыл мурун шаардык сот аны 12 жылга эркинен ажыраткан эле. Соттолуучу бул өкүмгө макул болбой облустук сотко даттанган. Сот отурумунда аял күнөөнү жарым-жартылай мойнуна алып, өкүнгөнүн айткан. Ал эми экспертизанын жыйынтыгы кырсык болгон күнү ал аффект (өзүн билбөө) абалында болгонун көрсөткөн.

Өзүнүн жана баласынын өмүрүнө кол салган аял тергөөчүлөргө күйөөсү менен жаңдалдашкандан кийин мындай кадамга барууну чечкенин айткан. Жолдошу спирттик ичимдерге берилип, акчадан улам байма-бай чыр чыгып турганын билдирген.

Аялдын айтымында, күйөөсү «эки миң сом таап бербесе келип өлтүрөмүн» деп коркуткан. Ошондон кийин 2018-жылдын 6-сентябрында алкоголдук ичимдик ичип ымыркайы менен кошо көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштаган. Ал эми баласы менен кошо секиргенин, өлгөндөн кийин ал эч кимге оордук келтирбесин деген ойдо болгону менен түшүндүргөн.

Кырсыктан ымыркайдын баш мээси ачык жаракат алып, үчүнчү даражада эзилип кан уюп калган. Ошондой эле баш сөөгүнүн желке бөлүгү сынган. Ал эми аялдын кашка жилигинин моюнчасы жабык түрдө сынган, баш мээси жаракат алган жана чайкалган.

Маалыматка ылайык, учурда аялдын жабыркаган баласы эки агасы менен кошо Баткен районунун Кайыңды айылында кайын энесинин кароосунда.