Эки кызматкердин жоголгонуна байланыштуу «Кумтөрдө» иш качан башталаары белгисиз

Кумтөр алтын кенинде 2019-жылдын 1-декабрында Лысый мөңгүсүнүн жанында жер кыртышы көчүп, эки кызматкер дайынсыз жоголуп, ошого байланыштуу кендин иши токтоп турат.

«Кумтөр» ишканасынын басма сөз катчысы Марина Гаврилова «Азаттыкка» курган маегинде ишти баштоо үчүн иш-пландары кабыл алына электигин жана иш даана качан башталаары белгисиз болгонун кабарлаган.

«Иштегенге уруксат жок болгондуктан, бардык иштер убактылуу токтотулган», — деген ал.

2019-жылы 1-декабрь күнү таң эрте «Кумтөр» кениндеги Лысый мөңгүсүнүн аймагында көчкүдөн кийин ал жерде иштеп аткан бульдозердин айдоочусу Ж. Жунушев жана тоо кен бөлүмүнүн адиси О. Ишенбеков дайынсыз жоголгон. Ошол эле күнү таңкы 5:43тө эвакуация башталып, коопсуз аймакка башка бардык кызматкерлер келип, аталган экөө келбей калган.

Кийинчерээк жоголгондордун жол тандабастары табылган. Бирок учурда аларды издеп-табуу боюнча иш-чаралардан майнап чыга элек.

Окуяга өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев да көңүл буруп, «бардык керектүү чараларды көрүүнү» тапшырып, карьердеги өндүрүш процесси убактылуу токтотулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кумтөрдүн» дайынсыз болуп аткан жумушчуларынын жолтандабастары табылды