«Кырк Чоронун» лидери ур-токмоктон каза тапкан аялдардын өлүмүнө мыйзамдарды айыптады

«Кырк Чоро» кыймылынын башчысы Замирбек Көчөрбаев 7-январда фейсбук барагында жаңы жылдын биринчи апталарында күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза тапкан аялдардын өлүмүнө байланыштуу оюн билдирди. Ал артында балдары калган маркумдардын үй-бүлөсүнө көңүл айтуу менен алардын өлүмүнө мыйзамдарды айыптаган.

Көчөрбаев билдирүүсүндө жергиликтүү РИИБдин башчысы менен сүйлөшкөнүн, милиционер ага «үй-бүлөдөгү ур-токмок тууралуу кабар келгенде эч нерсе кыла албайбыз, анткени 2019-жылы күчүнө кирген мыйзамдар боюнча колу-бутубуз байланып калган» деп айткан сөзүн келтирген.

Ошондой эле «Кырк Чоро» кыймылынын лидери бир журналист кыздын «2019-жылы күчүнө кирген мыйзамдарда бачабаздардын жазасы жеңилдетилиптир» деп айткан сөзүнө таянып, «пайдасынан зыяны көп» мыйзамдар кимдер тарабынан жазылып, кимдер тарабынан каржыланган деп суроо салган.

«Жообун да таптым. Батыш каржылап бир нече миллион евро берген экен, ал эми ошол мыйзамдарды кайра эле батыштын акырынан жем жегендер жазышып, 2017-жылы биздин чимкирик парламентибиз оптом кабыл алып таштаптыр. Кызык анда эмнеге кайра эле ошол батыштын акырынан жем жегендер биринчилерден болуп аялдардын, жаш балдардын укугу деп кыйкырып чыгып жатат?» — деген ал.

Нарын облусунун Жаңы-Жол айлындагы үйлөрдүн биринен 1-январга караган түнү бети-башы канжалап көгөргөн 36 жаштагы келиндин сөөгү табылып, маркумдун күйөөсү жубайын ур-токмокко алганын моюндаган. Келиндин артында эки бала калды.

Ал эми бул окуядан көп өтпөй эле 4-январда Баткен облусунда ушундай эле окуядан улам 27 жаштагы келин каза тапкан. Маркумдун артында үч баласы калды. Бул факт боюнча келиндин күйөөсү кармалып, ага каршы «Адам өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, ал эки айга камалган.

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкөдө аялдарынын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Бул маалыматтар Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө жарыяланган.