Баткен: Көк-Таш айылынын тургундары бийликке талаптарды коюп, жолду тосушту

Материал 9:52 жаңыртылды

Баткен районундагы Көк-Таш айылы менен чек арага чектеш Дахма аймагын байланыштырган жол буулду. «Азаттык» жазгандай, жергиликтүү тургундар эл жыш жайгашкан чек ара аймактарына туруктуу күзөт коюу талабын коюшту.

Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова «Клоопко» тастыктады.

«Учурда биздин [өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн] өкүлдөрү ошол жерде. Жолду кайрадан ачууга жергиликтүүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат», — деди Бердигулова.

Бирок Бердигулованын айтымында, чек ара аймактарында дайыма эле атайын күзөт болчу, ал эми акыркы окуядан улам күзөтчүлөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барып баштаган.

Кийинчерээк укук коргоо органдары Көк-Таш айылынын алты тургунун чек арадагы кырдаалды курчутууга аракет кылды деген кине менен кармалып кеткени белгилүү болду. Жергиликтүүлөр кармалган алты адамды бошотууну талап кылып, аталган жолду тосушкан.

Малекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 10-январга караган түнү Баткен районундагы Ош — Баткен — Исфара унаа жолунда эки кыргызстандыктын унаасына тажик жарандары таш ыргытып издерин жашырышкан. Ошол эле түнү Дахма тилкесинде жашаган башка бир кыргызстандыктын үйүнө таш ыргытылган.

«Кыргызстандын чек арачылары менен милиционерлер жерине бара жатышканда аларды көздөй Тажикстан тараптан мергенчи куралынан ок чыгарылган», — деп билдиришкен чек ара кызматынан.

Учурда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында Чек ара кызматынын түзүмдөрү жана Баткен райондук милициясы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат. Чыр чыккан күнү Көк-Таштын тургундарын милиция кызматкерлери айылдагы орто мектептин имаратына чыгарышкан.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 11-январда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы акыркы абалды талкуулады. Анда Жээнбеков эки өлкөнүн чек арасында туруктуу абалды сактоо зарылдыгын белгилеп, жарандардын күнүмдүк тиричилик чыр-чатактары өтө сезимтал болуп калганын кошумчалаган.

«Кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы достугу кылымдарды карыткан, келечекте да бекем болушу керек. Биз чек арадагы абалдын курчуп кетишине жол бербөөгө тийишпиз. Тилекке каршы, акыркы убакта чек ара аймагында чыр-чатактар көп болуп жатат. Кечээ жакында эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кезектеги чыр-чатак болду», — деп айтылат президенттин аппаратынын билдирүүсүндө.