Өзгөндө чоң энесин бычактаган тургун эки айга камакка алынды

Ош облусунун Өзгөн шаарында чоң энесин бычактап изин жашырган тургун кармалып, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев маалымдады.

«Өзгөн райондук соту ал жаранды 11-мартка чейин камакка алуу чечимин кабыл алды», — деди Ашырбаев.

Ош ОИИБи тараткан маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 22 жаштагы тургун 2019-жылдын 11-декабрында Орусиядан келген. Шектүү кумар ойноп, карыз болгондуктан чоң энесинин үйүндө акча издеп тинтүү жүргүзгөн. Буга үй ээси күбө болуп калганда андан акча талап кылган.

Ортодо пикир келишпестик жаралып ал чоң энесин бычактап, окуя болгон жерден качып кеткен. Көкүрөк тушуна жараат алган аял ошол замат райондук ооруканага жеткирилген.

Аталган окуя «Ээнбаштык» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми шектүүгө издөө 27-декабрда жарыяланып, ал 10-январь күнү колго түшкөн.