Оштун мурдагы башчысынын инисин ур-токмоктоого шектелип эки адам кармалды

Ош ШИИБи мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Райымбековду сабоого шектеп эки адамды кармады.

«Учурда бул иш боюнча 35-жаштагы Өзгөн жана Алай райондорунун тургундары «Каракчылык» беренеси менен кармалды. Иликтөө уланып жатат. [...] Баары кармала элек», — деди «Клоопко» мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Райымбеков 11-январга караган түнү калаадагы кичи райондордун биринде сабалган. Сыдыковдун айтымында, буга «Казак» каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Умар Маратовдун тиешеси бар, бирок далилдер жетишсиз.

Маратов «Ээнбаштык» жана «Зордуктоо» беренелери менен шектелип, өткөн жылдын декабрында кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Ош шаарындагы кафелердин биринде 23-жаштагы баланы сабаган. Кийинчерээк аны зордуктоого айыптап жашы жете элек кыздын атасы арыз жазган.

Ага карабастан Ош шаарынын судьясы Айнура Сулайманова 8-январь күнү «Казакты» үй камагына чыгарууну чечкен. Көп өтпөй ал судьяны Ош облусттук прокуратуранын арызынын негизинде жумушунан четтетилди.