Сузак районунун тургуну аялын токмоктоого шектелип жатат

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну күйөөсүнүн үстүнөн арызды 13-январда жазган. Ошол эле күнү арыз ээси райондук оорукананын сынык жарат бөлүмүнө жаткырылган.

Жалал-Абад райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» билдиргендей, милицияга аялдын сабалганы тууралуу ооруканадан кабарлашкан.

«Бул окуя боюнча ыкчам топ окуя болгон жерге барып тиешелүү материалдарды топтогон. Жабырлануучу соттук-медицинадык экспертизадан өттү, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деди Жээнтаев.

Окуя “Ээнбаштык” беренеси боюнча катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Басма сөз катчы экспертизанын жыйынты чыкканда шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөрүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Январь айынын биринчи аптасында күйөөлөрүнүн ур-токмогунан улам эки аял каза тапкан. Алардин бири Баткендин, экинчиси Нарын облусунун тургуну. Эки маркумдун тең артында балдары жетим калды. Мындан тышкары 4-январда Караколдо күйөөсү аялына өрт койгон. Андан жабырлануучунун бети-башы жана колу-буту күйүп калган. 

Расмий статистика боюнча 2018-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 62 аял каза таап 288 кыз-келин жабыркаган.