Ошто бейтаптар ооруканага электрондук кезек боюнча каттала башташты

Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун директору Бактияр Станбеков «Клоопко» билдиргендей, Ош облусунун аймагында жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда электрондук кезек системасы иштей баштады.

Станбековдун айтымында, система аркылуу бейтаптар ооруканада кезек күтүп турбастан, дарыгерге сайт аркылуу алдын ала жазылса болот. Дарыгер электрондук кезек системасы менен катталган бейтаптарды сайтта көрсөтүлгөн убакытта кабыл алат.

«Жалпысынан 2020-жылы өлкө боюнча 192 миң бейтап каттоодон өттү, алардын ичинен 31 миңи интернет [электрондук кезек системасы] аркылуу. Ош шаары боюнча 4 898 бейтап каттоодон өттү алардын ичинен 1500дөй [бейтап] интернет аркылуу жазылгандар. Бул көрсөткүчтү көтөрүш керек азыр бул тууралуу кабары жоктор бар, колдонгонду билбегендер бар», — дейт Станбеков.

Бул система 2019-жылы ноябрь айында биринчи Бишкек шаарында иштей баштады. Бир ай өтпөй Кыргызстандын бардык аймактарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна киргизиле баштаган.