Ошто жеке ишкер мэрияны менчик жерин башкаларга өткөрүп берүүгө айыптап сотко кайрылды

Жеке ишкер Нуркул Шырдаков Ош мэриясын ага таандык жер тилкелерди башка тургундарга берүү боюнча токтом чыгарууга айыптап сотко арыз жазды. Анда Бул тууралуу «Клоопко» Шырдаковдун жактоочусу Төлөгөн Мамытов билдирди.

«Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү жер тилкелерин Шырдаков сатып алган. Жеке ишкерге тиешелүү жерлердин кээ бири мэриянын токтому менен башка тургундарга катталып кеткен. Ал эми дагы бир нечеси сот чечими аркылуу башка бирөөлөргө өткөн. Биз сот аркылуу жерлер кайсы документтердин негизинде, кандай болуп берилип кеткенин билгибиз келет», — деди Мамытов.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов ишкердин доо арызы 2019-жылдын декабрында келип түшкөнүн «Клоопко» тастыктады.

«Мэриянын токтомдоруна карата мэрияны сотко берүү боюнча Шырдаковдун доо арызы бар. Азыркы убакта сотко чейинки алдын ала териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп билдирди Осмонкулов.

2019-жылдын 20-декабрында Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн жашоочулары менен жеке ишкер Нуркул Шырдаковдун ортосунда ондогон жер тилкелери талашка түшкөнүндүгү маалым болгон.

Тургундар үйлөр аларга ата-бабасынан калганын жана ага ээлик кылууга тиешелүү документтери бар экенин айтышууда. Ал эми жеке ишкер Нуркул Шырдаков талаштуу жерлерди мамлекеттик менчиктештирүү программасы боюнча 1999-жылы аукцион аркылуу сатып алганын айтат.

Ал 2019-жылдын ноябрында жерди бошотуу талабы менен тургундарды сотко берген.