Жогорку сот мыйзамсыз курулушту бузуу тууралуу өкүмдү күчүндө калтырды — Ош шаары

Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Пирматов «Клоопко» билдиргендей, Жогорку соттун өкүмү 14-январда кабыл алынган.

«Евро Стиль» жоопкерчилиги чектелген коом куруп жаткан 13 кабаттуу үй экотехинспекция тарабынан мыйзамсыз деп табылган. Ош облусттук соту 2019-жылдын октябрь айында курулуш токтотулсун жана бузулсун деп чечим чыгарган.

Облустук соттун чечими чыккандан кийин сот аткаруучулар көп кабаттуу үйдү бузууга аракет кылышкан. Бирок сот чечимине нааразы болгон компания Жогорку сотко даттанып бузуу иштери токтотулган.

«“Евро Стиль” ЖЧКсы Жогорку соттун чечими боюнча өз каражатына бузуу иштерин аткарбаса, анда жергиликтүү бюджет тарабынан бузулат. Кеткен чыгымдарды төлөп берүү үчүн мэрия компанияны кайрадан сотко берет», — деди Пирматов.

Мэриянын мааламаты боюнча, шаар боюнча 25 мыйзамсыз курулуп жаткан имарат бар.