Матраимовдордун ЖМКларга койгон доосу боюнча экинчи сот отуруму өтөт

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үч басылмага жазган арызы боюнча 20-январда саат 14:00дө экинчи сот отуруму өтөт. «Клооп» судья уруксат берсе отурумдан видео же болбосо аудио трансляция кылат. Биздин фейсбуктагы баракчабызды акмалап туруңуз.

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын бир тууган агасы Искендер Матраимов жана алардын жубайлары, ошондой эле аларга таандык болгон «Исмаил Ата» коомдук фонду 12-декабрда «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларын сотко берген.

Басылмаларды сотко берүүгө «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP менен биргелешип чыгарган бажыдагы коррупция жөнүндө иликтөө себеп болгон. Райымбек Матраимов жана анын жубайы — бул иликтөөнүн фигуранттарынын бири.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттыктан» 22,5 млн сом (дээрлик 320 000 доллар), «Клооптон» 12,5 млн сом (177,7 миң доллар) жана Али Токтакуновдон 10 млн сом (142,2 миң доллар) компенсация өндүргүлөрү келүүдө.

Мындан тышкары, алар иликтөөгө эч кандай тиешеси жок, бирок андагы айрым фактыларды өз сайтына чыгарган 24.kg басылмасынан 15 млн сом (213,2 миң доллар) компенсация талап кылышууда.

Буга чейин Матраимовдор иликтөөнүн жарык көрүшү Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян тийгизди деп эсептешип, соттон иликтөөдөгү айрым фактыларды жайылтууга тыюу салууну суранышкан. Анын ичинде материалдын авторлорунун ысымдарын ачыктоону талап кылышкан. Бирок сот алардын өтүнүчүн четке каккан.

Басылмаларды сотко берүүгө негиз болгон журналисттик иликтөөлөр: