«Чындык» басылмасынын башкы редактору эки айга үй камагына коё берилди

Турсунбек Бейшенбеков. Сүрөт фейсбук барагынан алынды

«Чындык» басылмасынын директору Турсунбек Бейшенбеков эки айга үй камагына коё берилди. Ал 20-январда Аскер прокуратурасына суракка чакырылып, андан ары 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле.

Бейшенбековдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдиргендей, ал ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов менен кызмат абалынан кыянат пайдаланганууга кошо катышкандыгына жана билип туруп жасалган кылмыш тууралуу жалган маалымат бергенине шектелүүдө.

«Журналист Асанов менен кылмышка кошо катышкандыгы боюнча кармалган. Курсан Асанов бул аткаминер тууралуу кандайдыр бир маалымат алып, аны Турсунбекке берген, ал болсо аны андан ары жайылткан деп айтылууда. Мен бул аткаминер тууралуу такыр эч нерсе айта албайм. Жогорку кызматтагы бир аткаминерге тийиштүү бул маалымат 2014, 2015-жылдардан бери айтылып келген», — деп билдирди ал.

Адвокат Бейшенбековдун кармалуусун «мыйзамсыз» деп эсептейт. «Ага кылмышты жасоого шек коюу тууралуу кабарлама да берилген эмес. Аны кабарлама бербестен эле кармашкан, тагыраагы аны процесстик одоно бузуулар менен [кармашкан]», — деп айтып берди Токтакунова.

Анын айтымында, Темир Сариев Бейшенбековдун бошотулушуна жардам берди деген ЖМКлардагы маалымат чындыкка дал келбейт.

«Учурда бир саясатчынын Бейшенбековдун бошотулушуна тиешеси бар делген маалымат тарап жатат, бирок бул такыр чындыкка жатпайт. Бардык саясатчылардын бул ишке катыштыгын тартуу кылып, саясатташтырбаш керек», — деп маалымдады Токтакунова.

Буга чейин, 16-январда Аскер прокуратурасы Бейшенбековду суракка чакырган эле. Анда ал «2016-жылдан бери сынга алынып келе жаткан аткаминер боюнча суракка алынганын» билдирген. Бирок журналист сөз ким жөнүндө болуп жатканын айткан эмес.

«Ал чиновникке карата сын бүгүнкү күнү да чек ара маселеси боюнча катуу айтылып жатат. Керек болсо апогейине жетти. Эң кызыгы Кой-Таш окуясы бул жакта эле калып, чабал чиновниктин, кайдагы бир шоопурдун болбогон куру сандырактарына байланыштуу чакырыптыр. Бул көрүнүш өтө күлкүлүү жана өкүнүчтүү...», — деп билдирген ал ошондо.

Аскер прокуратурасы мындан тышкары, «Азия Ньюс» гезтинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди да суракка чакырган. Сартбаев өзү «тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу кимдир бирөөлөрдүн ысымдарын атай албасын» билдирген.