Өкмөт аткезчиликке каршы күрөш күчөтүлөөрүн билдирди

Өкмөт ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстандын аймагына ташылып келинген товарларды көзөмөлдөөнү күчөтөт. Бийликтин айтымында, кээ бир товарлар Кыргызстанга легалдуу эмес ташылып киргизилет.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров билдиргендей, 2018-жылдын октябрынан тарта Казакстандан мунай өнүмдөрүн ташууга убактылуу тыюу салынган. Бирок, кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрмө пунктарынан мунай өнүмдөрү тиешелүү документтери жок жана кыйыр салыктары төлөнбөй ташылып жатканы тууралуу билдиришүүдө.

«Ташылган жүк боюнча так эмес маалыматтарды чагылдыруу фактылары бар. Кагазда товарлардын саны жана аталыштары башка, чындыгында такыр башка продукт ташышат», — деди Аскаров.

Мындан тышкары, ал чек ара аймактарындагы көзөмөл өткөрмө жайларында товарларды каттоонун автоматташтырылган системасы жакшыртылат деп билдирди. Аскаров товарларды каттоо пункттары темир жол бекеттеринде да орнотулушу керек деп билдирди.

«Биз ишкерликтин жоопкерчиликсиз өкүлдөрү менен чечкиндүү күрөшүү ниетибиз бар. Бардыгы акыйкат жана ачык-айкын болуш керек», — деп жыйынтыктады сөзүн Аскаров.

Кыргызстандагы аткезчилик

Мыйзамсыз ташылган күйүүчү май парламенттин отурумдарында бир нече ирет талкууланып келген. Бул тема ЖМКларда да көтөрүлгөн. Мисалы, Токмоктогу аткезчилердин ок атышуулары кенен чагылдырылган жана аны депутат Урмат Самаев менен байланыштырышкан. Буга карабастан, парламент аткезчиликке каршы күрөштү канааттандыраарлык деп тапкан.

Мындан тышкары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP Кыргызстандагы аткезчилик тууралуу масштабдуу иликтөө жүргүзүшкөн. Иликтөө кымбат товарлар Кыргызстанга арзан кездеме катары киргизилип, алымдар төлөнбөгөнүн көрсөткөн. Ошондой эле, Кыргызстандагы товарлар ЕАЭБ өлкөлөрүнө да бузуулар менен чыгарылып, бир нече өлкөнүн бюджетине залал келтирген.

Улуттук статистика комитетинин 2017-жылга карата маалыматы боюнча, көмүскө экономика Кыргызстандын ИДПсынын 24% түзөт. Аткезчилик расмий көзөмөл өткөрмө пункттары, ошондой эле «жашыл чек ара» деп аталган аныкталбаган чек арадагы пункттар аркылуу өтөт.

ТЕМА БОЮНЧА: