Вице-премьер-министрлер кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал менен таанышты

Вице-премьер-министрлер Жеңиш Разаков жана Замирбек Аскаров кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал менен таанышып, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен жолугушту.

Кыргыз-казак чек арасында 2019-жылдын декабрынан тарта — бир айдан ашуун убакыттан бери жүздөн ашык жүк ташуучу унаалар топтолуп турат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, казак тарабы «кошумча текшерүү боюнча бир тараптуу чараларды» кабыл алгандыктан, «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрмө жайынын жанында оор жүк ташуучу унаалар топтолуп калууда.

«Жылдын суук мезгилинде чек арада убактылуу чектөө абалы түзүлгөнүнө байланыштуу жүк ташуучуларга шарт түзүү үчүн чатырлар тигилип, акысыз ысык чай берилүүдө», — деп билдирди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Ал бийлик казак тарабы менен сүйлөшүү процессин улантып жатканын айтып өттү.

Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүктөрдү жана товарларды ташуудагы жаңы чектөөлөр тууралуу айтып беришти. Натыйжада, тармактык органдарга көзөмөл өткөрмө пункттун ишинин регламентин жана жаңы иш тартиби тууралуу жүк ташуучуларга «кыска мөөнөттүн ичинде» маалымдоо тапрышмасы берилди.

Чек арадагы тыгын

Жүздөн ашуун оор жүк унаа айдоочулары өткөн жылдан бери «Ак-Тилек — Автожол» өткөрмө пунктундагы Казакстандын чек арасынан өтө албай турушат. Кээ бир айдоочулар Жаңы жылды жүк ташуучу унааларында тосушкан.

Айдоочулардын айтымында, алар кыргыз чек арасын өтүп жатышат, бирок электрондук пломба жок болгондуктан аларды казак чек арасынан өткөрбөй жатышат. Ошондой эле айдоочулар ал эмне пломба экенин жана аны кайдан алуу керектигин билбей жатышкандыгын кабарлашкан.

Өкмөт буга чейин кошумча текшерүүлөрдү «Казакстан тараптан ЕАЭБдин нормаларын бузуу» деп атаган.

Бирок ошол эле учурда бийлик Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешмеде навигациялык пломбаларды киргизүү тууралуу макулдашышканын мойнуна алган. Бул кеңешме 2019-жылдын июль айында болуп өткөн.