«Кулчулукка» сатылаары айтылган баланын энеси милицияга арыз жазды

Lalafo жарнамалык сайтында 21-январда «Баланы кулчулукка сатам» деген жарнама пайда болду. Баланын «баасы» 200 сомго бааланган. Көп өтпөй жарыя өчүрүлгөн.

Ошого карабастан бул тууралуу маалымат тез жайылып, бир канча жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлашкан. Баланын энеси «Турмуш» басылмасына берген интервьюсунда, 2-класстагы уулунун кулчулукка сатылып жатканы тууралуу маалыматты ага Орусиядагы туугандары билдиришкенин айткан.

«Үйдө жүрсөм Орусиядан кайын сиңдим уюлдук телефон аркылуу байланышып, "балаңар "Лалафодо" жүрөт, карагыла" деди. Жаш балдар тамашалап интернетке жарыялап коюшкан окшойт дедим. Жеңем сыналгыдан да көрсөтүп жатканын айтты. Дароо ал айткан телеканалга койсом, чын эле менин балам тууралуу маалымат берилип жатыптыр. Даана менин балам, көзү жабылса деле энемин да, тааныдым. Отура албай калдым, милицияга бардым», — деген ал.

Эне бул окуядан кийин кан басымы көтөрүлүп жатканын белгилеген. Ал милицияга 22-январда арыз жазып, баласы тууралуу интернетке маалымат жарыялагандарды жоопкерчиликке тартууну талап кылган.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» баланын энеси арыз жазганын тастыктады. Ошондой эле мектеп окуучусунун «кулчулукка сатылаары» тууралуу маалыматты анын достору жайгаштырганын айтты.

«Аталган жарыя баланын өзүнүн уюлдук телефонунан жарыяланып кеткен. Бала буга чейин өзүнүн аккаунту менен балдар китепчелерин, түрдүү чаптамаларды сатуу жарнамасы менен алектенип келген. [...] Бул жарнаманы достору тамаша иретинде чыгарышкан. Жарыяны жайгаштырган балдардын өздүгү аныкталды. Аларга ата-энелеринин катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү», — деп билдирди Жээнтаев.