«Никесиз» төрөлгөн ымыркайын сатууга аракет жасаган аял кармалды — Ош ОИИБ

Өзгөн районунда 21-январда жаңы төрөлгөн ымыркайын 5 миң долларга соодалашып жаткан жеринен 23 жаштагы аял кармалды. Наристени сатууга ага 45 жаштагы аяш апасы жардам бермекчи болгон.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Клоопко» ымыркай балдар үйүнө жайгаштырылганын билдирди. Ошондой эле ал «кармалган аял уулун никесиз төрөгөндүктөн, туугандарына билдирбей сатып пайда көргүсү келгенин» айтты.

Бул факт боюнча «жаш баланы соода кылуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып, наристенин энеси үй камагына чыгарылды. Ал эми анын аяш апасы эки айга камакка алынды.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов энеге карата мындай чечим, анын жашы жете элек эки баласы бар болгонун жана ден соолугунун калыбына келе электигин эске алуу менен чыгарылагынын билдиришти. Ал эми бала сатууга көмөктөшкүсү келген аялдын баш коргоо чарасын кароодо судья буга чейин соттолгонун эске алган.

Бул энелер ымыркайын сатууга аракет жасаган биринчи эле учур эмес. Буга чейин Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну 2019-жылдын 15-июлунда бир айлык наристесин белгисиз адамдарга 30 миң сомго сатууга аракет кылып жатканда кармалган.