Падыша-Ата коругундагы жеке менчикке өтүп кеткен жер мамлекетке кайтарылды

Аксы районундагы Падыша-Ата коругундагы төрт гектар жерди Кашка-Суу айылынын тургундары менен «Арстанбап» ЖЧКсынын директору Эркин Бегимкулов 2008-жылдан бери талашып келишкен.

Жашоочулар зыярат кылуучу жай кайрадан мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берүүсүн талап кылып, райондук жана облустук сотко кайрылышкан. Соттун эки инстанциясы элдин доосун канааттандырган.

Эркин Бегимкулов облустук соттун чечимине нааразы болуп 2019-жылдын ноярбрь айында Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот 22-январда райондук жана облустук соттун чечимдерин күчүндө калтырды. Бул тууралу «Клоопко» Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Шекербек Камчыбек уулу билдирди.

«Буга чейин «Арстанбап» жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген буйруктар, келишимдер жана күбөлүктөр жокко чыгарылды», — деди Камчыбек уулу.

Падыша-Ата коругу

Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу 2003-жылдын 3-июлунда негизделген. Коруктун жери ага чейин токой чарбасына караштуу болгон. Корукка караштуу төрт гектардан ашык жерди Кашка-Суу айыл өкмөтүнөн «Арстанбап» ЖЧКсынын директору Эркин Бегимкулов 1997-жылы келишимдик негизде 99 жылга ижарага алган. Кийинчерээк, 2002-жылы ал келишим кайрадан каралып, 45 жылга өзгөртүлгөн.

Падыша-Атада тарыхый күмбөз, 9-10-кылымга таандык имараттар жана ташка чегирилген сүрөттөр бар. Корук 2003-жылы арча токойлору менен Кыргызстандын Кызыл китебине, 2016-жылы корук ЮНЕСКОнун материалдык эмес байлыктар тизмесине кирген.

Коруктун жалпы аянты 30 миң 556 гектарды түзөт. Өзгөчө корголуучу аймагы — 16 миң гектар, корголуучу аймак — 14 миң 545 гектар аянтты ээлейт.